Печать
Категория: Коом
Просмотров: 66

Акыркы убакта коомчулук парламенттин ишине нааразы, алардын билим деңгээли төмөн, ашынган динчил экендиктерин да айтып келишет. Мурдатан депутат болуп, жооптуу кызматтарда иштеген беш алты эл өкүлүн эске албаганда негизинен жетинчи чакырылыштын депутаттары чынында үрөй уча турган деңгээлде караңгы. Мыйзам долбоор, маанилүү мамлекеттик иштерди талкуулоону мындай коёлу, оюн түшүндүрө албай тантыган эл өкүлүнөн эмнени үмүт кылабыз. Болбогон эле маселени көтөрүп чыгышат. Өлкөнүн аймактарындагы акыбал, түрдүү сферадагы көйгөйлөр турса ажаткана, чогулуш үчүн кабинет, кийим, түштөнүү тууралу өз көйгөйлөрүнөн өйдө боло албай коюшту. Калк айтса калп айтпайт эмеспи, бул жолку депутаттар жараксыз чыкты.

Булак: argument.kg