Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Урматтуу калайык! Мен түшүнбөй калдым. Президентибиз Садыр Жапаров мен баардыгын кечирдим деген. Ага бирөөлөр бут тозуп жатышабы? Жаманаты кылып жатышат.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевге жасалган мамиле бул адамкерчиликке жатпайт. Жаманбы, жакшыбы өлкөнү башкарган. Биринчи орунда кыргыз ал. Адам ал. Уят. Мыйзамсыздык. Ким күнөөлүү болсо жооп берсин мыйзам алдында. Бийликти, авамы жаман көргөзүп бүттүңөр. Ким кылса жооп берсин», — деп жазган.
Эске салсак, кечээ, 23-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Биринчи май райондук сотко алып келишип, бирок ал автоунаадан чыгуудан баш тарткан.
Анын жактоочусу, Атамбаевди №47 абактагы камерадан аны футболкачан жана ич кийимчен күчтөп алып чыгышып, күзөтүп жеткире тургандарга тапшырышканын айткан.
15-мартта, Жогорку Сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди крим төбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 11 жылга эркинен ажыраткан буга чейинки сот өкүмүн күчүндө калтырган чечим чыгарган.
Биринчи май райондук соту 2020-жылдын июнь айында Атамбаевди аталган иши боюнча 11 жыл эки айга кескен. Бишкек шаардык соту бир айдан кийин райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Булак: argument.kg