УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин антикризистик чаралар боюнча жыйынында Акылбек Жапаровдон 1-апрелден тартып кимдердин айлык акысы көтөрүлөөрүн, алардын арасында укук коргоо, аскер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин бар-жогун сурады.
"Былтыр укук коргоо, аскер кызматкерлеринин айлыгын теңдедик, бир деңгээлге келтирдик. ИИМдин коллегиясына барганда да айттым, бул тармактагылар дагы чыдап беришсе. Азыр милиция кызматкерлери эң аз дегенде 11-12 миң сомдун тегерегинде айлык алышат. А алардын балдарын окутуп жаткан мугалимдер, дарылаган дарыгерлер андан аз маяна менен иштешет. Жакында, 1-апрелден тартып социалдык тармактын өкүлдөрүнүкүн көтөрүп жатабыз, алар - мугалимдер, медицина кызматкерлери, маданият, билим, илим өкүлдөрү. Жалпысынан 3-9 миң адамдын маянасы жогорулайт. Биринчи кварталда Бажы жана Салык тармагы пландарын жакшы аткарышты. Ушундай темп 2-3-кварталда да кармала турган болсо, анда аскер кызматкерлеринин маянасын 1-августтан тартып көтөрүүнү ойлонуштурабыз. Ошондуктан, аскер кызматкерлеринен суранабыз, чыдап берсеңиздер, тынчтык болуп турса, көтөрүүгө даярданып жатабыз", - деди Акылбек Жапаров.