Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1037

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин антикризистик чараларды көрүү боюнча жыйынында өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу боюнча милдеттенмени үч министрге - экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевге, каржы министри Алмаз Бакетаевге жана өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге тапшырды. 

Ошондой эле, ал Баткенде контрабандалык жол менен коңшу өлкөгө азык-түлүктөрдүн чыгып кетишин катуу көзөмөлгө алаарын билдирди. 

"Бир килограмм ун, бир литр май дагы чыкпасын. Коңшу өлкөдө май такыр эле жок болуп жатат, ундун баасы биздегиден кымбат. Силер чек арага тирүү калкан болгула, бир дагы азык-түлүк чыкпасын!" - деп ИИМ, УКМК, Салык кызматына эскертти. 

Ошондой эле, жогоруда аталган үч министрге азык-түлүк коопсуздугу боюнча персоналдык жоопкерчилик тагылганын белгиледи. 

"Силер канча буудай, ун, кумшекер, өсүмдүк майы запаста бардыгын, кайсы жерден сатып алууга болоорун, сатып алуу боюнча прогнозду, контракттарды так билишиңер керек. Өнөктөштөрүңөр менен алдын ала иштегиле. Эгер азык-түлүк коопсуздугу боюнча кандайдыр бир маселе жаралса, ушул үч министр башы менен жооп берет!" - деди Камчыбек Ташиев.