Депутат Надира Нарматова парламент жыйынында жаңылыш сүйлөп алганын соцтармактарга таратып, күлкүгө айланткандарга кайрылды:
"Көздүн тирүүсүндө бир бирибизди баалай билели. Көзүң өтүп,жүрөгүң сокпой ,кулагың укпай,сезимиң туйбай калганда жакшы сөз айтпай эле койгула. Ким экендигине карабайсыңар. Улуу, кичүү жөнүндө сөз жок. Президентти баш кылып, мамлекеттик жетекчилерди, депутаттарды төш кылып, жамандыкты, кемчилдикти аңдып, коомчулукту дүрбөткөндөн башка ишиңер жокпу!Жакшылыкты, ийгиликти, өсүп, өнүгүүнү, башталып, аткарылып жаткан саамалыктарды эмнеге көргүңөр келбейт.
Ырахаттанып жаткан макулуктардын, күн алыс пикет, акция өткөрүп тынчтыкты бузгандар, силердин кесепетиңер, кесириңер карапайым элге тийип жатат. Коомдо тынчтык жок. Ошонун баары өсүп, өнүгүүгө залалы тийип жатат.
Коомдун талкаланып, адамгерчилик жоголуп, адам кадырын баалабай, 99 жолу жакшы иш кылганын унутуп, бир жолку кемчилдигин эмптеп таап, жок болсо ойлоп чыгып, жугунду куйганды качан токтотосуңар!
Көпчүлүк адамдардын мүнөзү кул мүнөз болуп, жакшылыкты көрбөй, жамандыкты аңдып, сөз эркиндиги, өзүм билем өтүгүмдү төргө илем дегендей аракети - бул бейбаштык. Реалдуу жашоонун ачуу чындыгы.
" БИР АЙЫЛ ӨКМӨТТӨ ОНДОН АЙЫЛ БОЛСО "- деген сөздү "БИР АЙЫЛДА ОНДОН АЙЫЛ БОЛСО"- деп шашып айтып алгандыгымды өзүм байкап кайра оңдоп айтканмын. Бала бакчасы боюнча үч сунуш айткам. Аларды көргүңөр, уккуңар келбейт. Эки сөздү кайра, кайра кайталап монтаждап, бардык соцсайттарга ватцап группаларга, тикток, инстаграмм, телеграммдарга коюп ХАЙП кылып, акча тапканды кесип кылып, адамдык ар намысты тебелегениңер жакшыбы.
Жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт. Катасы жок, кемчилдиги жок, ката кетирбеген адамдын өзү жок бул жашоодо.
Эскертип койоюн. Качканда Кудай дейт. Кубалаган да Кудай дейт. Ар бир сөздүн жоопкерчилиги сөзсүз болот. Эмне үчүн кыргыз аялдарынын абийирин айрандай төгүп жылаңач тарых музейинде көргөзмө өткөргөндө унчукпайсыңар! Эмне үчүн гей лезбиянкалар, ЛГБТлар көчөдө парад өткөрүп жаштарды бузуп жатканда унчукпайсыңар! Эмне үчүн улуттук баалуулуктар, нарк насил, каада - салт тебеленип жатканда унчукпайсыңар! Эмне үчүн бала бакчаларында 2,3төн балдар бир кроватта жатып, балдардын тарбиясы ,укугу бузулуп жатканда унчукпайсыңар! Эмне үчүн жаш балдардын укугу тебеленип, бачабаздык кылып жаткан эркектерге унчукпайсыңар! Эмне үчүн мамлекеттин казынасына кол салып уурудук кылып,күнүнө колго түшүп жаткан коррупционерлер жөнүндө унчукпайсыңар! Эмне үчүн динге жамынып,3,4 төн аял алып,кыз келиндерге жоопкерсиздик мамиле жасаган катынпоздорго унчукпайсыңар! Эмне үчүн балдарды төрөтүп, 1,2,3,4,5 6 дан балалуу болуп, ажырашып, балдарды бакпай, алименттин төлөбөй, жоопкерчиликти сезбей качып жүргөндөрдү унчукпайсыңар! Эмне үчүн жогорку үстөктөрдө кредит берип, элдин канын соруп жаткан сүткорлор жөнүндө унчукпайсыңар!
Кана ыйманга келтирип,ынсапка келтирип,напсилерин тыйып койгонуңар!
Тескерисинче ыймансыз, ынсапсыз көбөйүп, напсисин тыйган адам жок. Ач көз, көрө албас, куйту, куйсупур, бузуку, ушакчы, шылуундар, жоопкерсиз, кайдыгерлер көбөйүүдө.
Депутаттык милдетти мага эмгегимди баалаган карапайым эл берди. Өмүрүмдүн акырына чейин кызмат кыла берем. Элиме жаным курман", - деп жазды депутат.