Печать
Категория: Коом
Просмотров: 121

Бүгүн, 23-мартта окуучулардын республикалык олимпиадасы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Олимпиаданын ачылыш салтанаты Чынгыз Айтматов атындагы Бишкек шаардык лицейинде өтүп, ага министрдин орун басары Надира Жусупбекова да катышты.

Республикалык олимпиадага аймактардан жана Бишкек, Ош шаарларынан 324 окуучу тандалып келген. Алар төмөнкү предметтер боюнча күч сынашат:

Олимпиаданын тапшырмалары Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн.

Эске салсак, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу акыркы эки жылда олимпиаданын IV этабы өткөрүлгөн эмес. Буга байланыштуу мектеп окуучуларына дем берүү максатында облустук жана жалпы шаардык олимпиада жыйынтыктоочу деп эсептелген.

 

Булак: Маралфм