Печать
Категория: Коом
Просмотров: 213

Россиянын аскерлери Украинада согуштук операцияларын баштагандан бери эки тарап катуу тирешүүсүн улантууда. Украина менен катар Россия да бир топ аскерлеринен, согуштук техникаларынан ажырап жатат. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Россия армиясынын жоготуулары боюнча маалымат таратты. 

Ал маалыматка ишенсек, 21-мартка карата Россиянын армиясы 15 миң аскеринен, 200дөн ашык учактарынан ажыраган. Так айта турган болсок, жеке курам – 15 000 адам, танкалар – 498, брондолгон аскердик машиналар – 1535, артиллериялык системалар – 240, РСЗО – 80, зениттик комплекстер – 45, учактар – 97, тик учактар – 121, автомобилдик техникалар – 969, кемелер – 3, күйүүчү майлар куюлган цистерналар – 60, атайын техникалар – 13. 

Көрүнүп тургандай, жоготуулар аз эмес. Албетте, мында да маалыматтардын согушу жүрүп жатат. Украинанын Башкы штабынын маалыматын акыркы чындык катары кароого да болбойт. Анткени, согуштун табиятына ылайык, жок кылган тарап жоготууларды көбөйтүп айтса, жоготкон тарап азайтып айтат. 

Канткен күндө да миңдеген адам өмүрлөрү бөөдө кыйылып кетти, жүз миңдеген, миллиондогон адамдар Россия, Украинаны таштап, тынч өлкөлөргө качышууда. Тилекке каршы, тирешкен өлкө лидерлеринин сүйлөшүүгө келип, кырдаалды тынчтандыруу, согуштук аракеттерди токтотууга болгон  аракеттери байкалбай атат.