Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин Нооруз майрамына карата кыргызстандыктарды куттуктоосу:
- Ардактуу калайык калкым!
Кымбаттуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Улуу Нооруз майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын!
Эзелтен “Жаңы күн” деп аталган Нооруз менен Чыгыш жылнаамасынын - жаңы жылы башталды. Ылайым жаңы жылыбыз аманчылыктын, ынтымактын жана биримдиктин, ырыскы-берекенин, тынчтыктын жана байгерчиликтин жылы болсун. Жаратканыбыз Кыргызстаныбызды колдосун, экономикабыз өсүп, элибиздин жашоо-тиричилиги жакшырсын, оңолсун. Ар кандай кырсыктардан, апааттардан алыс кылсын! Жаңы жылда ата-бабаларыбыздын байыртан келаткан тилектери ишке ашсын!
К.Бакиев
21.03.2022
Минск шаары.