Печать
Категория: Коом
Просмотров: 100

УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбеков эмнеге үй камагына чыгарылганы тууралуу маалымат берди.

Буга чейин А.Кубанычбековго карата кылмыш иши козголгон эле. Тергөөнүн ага карата бир катар фактыларды ачыктады. Ага таянсак, Кубанычбеков товарларды импорттоого катышкан жеке компанияларга жеңилдетилген шарттарды түзгөн. Анысы менен бажылык тариздөө мыйзамды одоно бузган жана пара катары акча үзгүлтүксүз алып туруу максатында товарларды көмүскө түрдө көзөмөлдөө схемаларын колдонгон.

Андан тышкары өз чөнтөгүн ойлогон аткаминер туунду компаниялар тарабынан тышкы экономикалык иштин субъекттери үчүн бажы кызмат көрсөтүүлөрүнүн баасын негизсиз ашыра көтөргөн. Булардан алынган акча каражаты жеке материалдык абалын оңдоого кеткен.

А.Кубанычбеков мамлекетке келтирген 51 миллион 220 миң сомдук зыянды кайтарды. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча аныкталган фактыларды мойнуна алды. Ошондуктан, А.Кубанычбековдун баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.