Кыргызстанда Сирияга кетүү максатында жалдоо иштерин жүргүзгөн башка өлкөнүн жарандары УКМК тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, атайын кызматтын ыкчам иш аракетинин натыйжасында биздин өлкөдө эл аралык террористтик уюмдардын радикалдык идеяларын жайылтууга катышкан топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Ал топтун мүчөлөрү чет өлкөлүктөр. Кармалгандардын бири 1995-жылы туулган Н.Ш.М, экинчиси 1998-жылы туулган Р.Т.С. аттуу жаран.
Учурда эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.