- Калдарбек ага, быйыл айыл чарбага өзгөчө көңүл бурула баштады. Буюрса, мунун пайдасын көрөбүз деп үмүт артсак болобу?
- Кыргызстан тулку боюу менен агрардык өлкө экенин унутуп келатпайбы... “Ааламга жол айылдан башталат” деп какшап айткан сайын, башка нукка киримиш болуп, же пайда көрбөй, ага-буга урунуп, эт менен челдин ортосунда жүрөбүз. Ошон үчүн бийликтин бул багытка өзгөчө көңүл бөлүп, анын күрөө тамырынан тартып, чындап ал тармакты өнүктүрүүнүн аракетин жасашы керек. Бирок андай болбой жатат. Баягы эле Акаевден калган Айыл чарба министрлиги “кийимин” гана алмаштыргандай сезилип жатат.
- Эмнеге антип ойлоп жатасыз?
- Антип айтканымдын да жөнү бар. Себеби, баягы эле сулуу убадалар, көкүрөк какмайлар, баягы эле үстөгү аз карыздар тууралуу сөз болуп жаткансыйт... Бирок бул сапар насыяларды дыйкандарга түз берүү ыкмасы табылды дегендей сөз жүрүп, үстөгүнүн аздыгына басым жасашкандай. Тагыраагы, өзгөрүүлөр болуп жаткандай. Бирок өтө кашаң жана чаржайыт жүрүп жатат. Насыялардын кимдин колуна тийгенин жакынкы күндөрү билип деле калабыз. Менимче, дагы деле ал колунда барлардын, “крышалуулардын” чөнтөгүнө түшүп калышы ыктымал. Экинчиден, дыйкан чарбаларга айланып калган айыл чарабасына ыслаат болмоюнча ал ордунан жылбаган арабадай тура берээрин билип турушуп, ага башын тоголотушпай келишет. Жеке дыйкан чарбанын найтыйжалуулугун канчалык пайдалуу экенин айтпасак да белгилүү. Ошон үчүн ири кооперативдери уюштуруу, үрөнчүлүк чарбаларына жан киргизүү сыяктуу иштер жасалса да жакшы натыйжа бермек. Бирок эч кимиси буга башын ооруткусу келбейт. Акча болсо эле азык-түлүк мол болот деген жомокчулар толтура. Эң башкысы, дыйкандын олуттуу көйгөйү бул - азык-түлүгүн сатуу базарынын так болушунда. Айтайын дегеним, айыл чарба азыктарын өндүргөн дыйкандар базарга алып келээри менен сатып пайда көргөн кызыл кулактар кымбат сатып жатышат. Ошон үчүн СССР убагындагы “даярдоо кеңселериндей” ишкананы ачып, өкмөт дыйкандардан өзү сатып алып, элди арзаныраак азыктар менен камсыздашы керек. Болбосо эч нерсе өзгөрбөйт. Бирок бүгүн мындай аракеттердин кыпыны да көрүлбөй келаткандыктан, орус элинин “хотели как лучше, а получилось как всегда” деп айтканындай эле болот.
Булак: “Майдан. kg” гезити