Печать
Категория: Коом
Просмотров: 95

Бизде маал маалы менен гендердик теңсиздик, аялдардын мамлекеттик кызматтарга аралашуусу жетиштүү деңгээлге болбой жаткандыгы жөнүндө маселе көтөрүлүп калат. Гендердик теңчилик чындап эле камсыз кылынышы зарылбы же бул адам укуктарын бетке кармаган жарандык активисттердин ойлоп тапкандарыбы, бул өзүнчө маселе.

Өлкөнүн Улуттук статистикалык комитети мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы аял менен эркектердин катышы кандай экени боюнча маалыматты билдирди. Ал маалыматка ишенсек, чечимдерди  кабыл алуу деңгээлдериндеги кызматтарда аялдар эркектерге караганда аз.

2021-жылы мамлекеттик органдарда иштегендердин 39 %ын аялдар түзсө, эркектер 61 %ды түзгөн. Атайын жана саясий кызматтарды аркалагандары боюнча алганда, эркектер 76 %, аялдар 24 %ды түзөт.

Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарындагы аялдардын үлүшү 37 % болсо, айрым мамлекеттик органдарында жетекчилик кызматтарда аялдар көбүрөөк экендиги белгилүү болду. Алсак, Мамлекеттик каттоо кызматында – 69 %, Улуттук статистикалык комитете – 73 %, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде – 72 %.

Көрүнүп тургандай, кээ бир тармактарда эркектер көптүк кылганы менен айрым чөйрөлөрдө аялдар көптүк кылат.  Анан мындай жагдайда гендердик теңсиздик болбой атканын айтып, айгай салууга негиз барбы? Калыстык үчүн айталы, акыркы жылдары мамлекеттик башкаруу иштерине аялдарды тартууга кескин көңүл бурула баштады.

Булак: “Майдан. kg” гезити