Печать
Категория: Коом
Просмотров: 86

Нөшөрлөп жааган жаандын айынан Оштун бир катар райондорунда таза суу берүү токтотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чара Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайкалыгы нормадан жогору болгондугуна байланыштуу көрүлдү.

Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин турак жай конуштарынан башка аймактарына таза суу берүү саат 07:05те токтотулган.

Мэрия суу өчө элек аймактарда таза суу камдап алууну өтүнөт.

Таза суу жеткирип берүү үчүн төмөнкү телефондор аркылуу 105, 8-11-15, 8-11-51 жана 0553 200-105 кайрылсаңыздар болот.

Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200-105.

Булак: Маралфм