Мындан бир айдан ашыгыраак убакыт мурда Шахмат федерациясынын жетекчилигинин чакыруусу боюнча Өзбекстандын жана Украинанын эл аралык гроссмейстерлери Кыргызстанга бир нече айга көчүп келишкен.

Вадим Малахатько - украина-бельгиялык шахматчы, дүйнөдөгү эң атактуу ачык турнирлердин белгилүү гладиаторлорунун бири, 50дөн ашык өлкөдө өткөн ири мелдештердин катышуучусу жана Марат Жумаев - коңшу Өзбекстандын атактуу гроссмейстери, кыргыз шахматчыларынан эң күчтүүлөрүн окутуп жана аларды эл аралык класстагы мастерлер катары өстүрүү үчүн бизге келишти.
- Шахмат гроссмейстери – бул Эл аралык шахмат федерациясы тарабынан белгилүү критерийлерге ылайык ыйгарылуучу спорттун бул түрүндөгү эң жогорку наам. Бүгүнкү күндө дүйнөдө эл аралык гроссмейстер наамына ээ болгон 1800дөй оюнчу бар. Казакстанда 20дан ашык адам бул наамга ээ болсо, Өзбекстанда 23, Украинада 80ден ашык, ал эми Кыргызстанда бир дагы адам жок.
Кыргыз Республикасынын Шахмат федерациясынын президенти Бабур Тольбаев бул кызматтагы өзүнүн стандарттуу эмес демилгелеринин арасында, мисалы, шахматты республика боюнча башталгыч мектептерге милдеттүү сабак катары киргизүү ниетинде, дүйнөгө таанымал чеберлерди Кыргызстанга, толук кандуу иштөөгө чакыруу чечимин кабыл алды. Тольбаев өзү профессионал шахматчы болгондуктан, биздин балдардын, өзгөчө ой жүгүртүү жана талантка гана ээ болбостон, ошондой эле жеке өздөрү да ушундай бийиктикке жеткен, шахмат ашканасын ичинен жакшы билген жана өздөрүнүн шакирттеринин чемпион болушуна жан дили менен күйгөн профессионал машыктыруучулардан билим алуусу канчалык маанилүү экенин түшүнөт.
Федерациянын жетекчилиги менен бирдикте жана гроссмейстерлердин жеке катышуусу менен 10 жаштан 22 жашка чейинки республикабыздын эн күчтүү шахматчылары тандалып алынды. Алар жаш курагына карабастан, күнүгө бир нече саат тынбай эмгектенишет. Натыйжалуу иштөө жана устаттын окуучуга көбүрөөк көңүл бурушу үчүн 5-7 кишилик топтор түзүлдү.
Эл аралык гроссмейстер Вадим Малахатько: Шахматка бүт убактыңды, күчүңдү арнап жана натыйжага жетүү үчүн көп нерсени курмандыкка чалууга даяр болуу керек

- Күчтүү шахматчы болуу үчүн алгач шахматты абдан сүйүп – чыныгы фанат болуу керек. Машыгуу учурунда гана эмес, дээрлик бардык учурда алектенүү зарыл. Эмнеге жетүүнү каалап жатканыңды түшүнүү маанилүү. Бул жөн эле хоббиби же профессионал шахматчы болуу максатыңбы? Эгерде экинчисин тандаган болсоң, анда шахматка бүт убактыңды, күчүңдү арнап жана натыйжага жетүү үчүн көп нерсени курмандыкка чалууга даяр болуу керек.
Кыргыз федерациясынын президенти Бабур Тольбаевдин сиздердин өлкөдө шахматты ушундай жигердүүлүк менен өнүктүрүүгө болгон умтулуусу мени таң калтырды жана кубандырды. Ал, муну кантип мүмкүн болушунча натыйжалуу жүргүзүү, жаштарды кантип кызыктыруу боюнча так көз карашка ээ, анын өзүнүн стратегиясы жана эң негизгиси байланыш жана каржы түрүндөгү мүмкүнчүлүктөрү бар. Себеби, мындай масштабдуу багытты өнүктүрүү бир топ салымды жана күч-аракетти талап кылат.
Бул жерде, Кыргызстанда менин негизги милдетим – шахмат өнөрүндөгү көп жылдык тажрыйбамды жана практикалык билимимди бөлүшүү.
Мен, жаш шахматчылар менен сабактарды өткөрүп жатам жана алардын деңгээли, оюн стили менен жакындан таанышууга жетиштим. Мен үчүн булар өз жаш курагына жараша жакшы ойногон, келечектүү балдар. Биргелешкен күч-аракет менен биз алдыга койгон максаттарыбызды ишке ашырып, аларды чеберчиликке жеткирип, силердин өлкөнү күчтүү оюнчулар менен даңазалайбыз деп ишенем.
Эл аралык гроссмейстер Марат Жумаев: Шахмат илимин окутуу системасынын эң жакшысын — советтик мектепти машыктыруу үчүн тандадым

- Быйыл машыктыруучу болуп иштегениме 30 жыл, шахмат боюнча карьерама 40 жыл болот. Өзбекстанда шахмат Федерациясында иштедим: жаштар курама командасын машыктырдым, аялдар курама командасынын башкы машыктыруучусу болдум, менин окуучуларымдын арасында мен жана бүткүл өлкөбүз сыймыктана турган көптөгөн чемпиондор бар.
Шахматтын бир маанилүү артыкчылыгы бар – бизде жаш курагына карата чектөөлөр жок. Дүйнөдөгү эң кары гроссмейстер Юрий Львович Авербах жакында өзүнүн 95 жылдыгын белгиледи. Бул наамдын эң жаш ээлери 12-13 жашта. Алардын арасында Өзбекстандын чемпиондору – биздин жаш чемпиондор бар экенин сыймыктануу менен белгилей кетейин.
Машыктыруучу катары мен, менин көз карашым боюнча, шахмат илимин окутуу системасынын эң жакшысын — советтик мектепти машыктыруу үчүн тандадым. Азырынча дүйнөдө бул тармак боюнча андан жакшыраак эч нерсе ойлоп табыла эле. Жада калса атактуу америкалык система дагы анчалык эффективдүү эмес. Жана ошондой эле интеллектуалдык окутуу менен бирге дене тарбия спорту менен алектенүү да абдан маанилүү. Бул көпчүлүк тренерлер үчүн милдеттүү шарт, биз аны окуучуларыбыздан талап кылабыз. Ден соолук үчүн да, дененин жана мээнин жалпы өнүгүүсү үчүн да физикалык активдүүлүк, спорт абдан маанилүү.
Мен, Кыргызстандын шахматчыларынын келечеги кең деп эсептейм. Бишкекке келип, сиздердин Федерациянын жетекчилиги менен таанышкандан кийин, алардын өз ишине канчалык олуттуу киришкенин ачык көрдүм. Бабур Тольбаев, шахмат адамды ар тараптуу өнүктүрөөрүн жана бул жөндөмдөр кийинчерээк жашоонун каалаган багытында: бизнесте, каржыда, саясатта, коомдук иштерде жардам берерин ачык түшүнөт. Акылдуу жаштар - акылдуу, өнүккөн улут. Ал эми бул күчтүү мамлекет дегенди билдирет.
Мен өз тарабымдан кыргыз шахматчыларынын профессионал болуп чыгышы жана спорттун бул түрү боюнча биздин эң жогорку класстагы чеберлердин катарына кошулушу үчүн талыкпай эмгектенип, колумдан келгендин баарын жасайм деп убада бере алам.
Жамиля Ормушева