Башка өлкөлөрдөгү элчилер Росииядагы жумушсуз калган мекендештерге алтернатива жумушун кароосун Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев парламент жыйынында сунуштады.
“Россия-Украина согушунан улам көптөгөн ишканалар жабылып, мекендештер мекенине кайтабыз деп турушат. Кыргызстанда өзүбүздө 100 миңге жакын жумушсуз адамдар бар. Алар келсе жумушсуздар көбөйүп, бары көчөгө чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан, урматтуу төрага биздин эл аралык иштер комитетине токтом даярдоо үчүн протоколдук тапшырма берсеңиз. Биздин сырттагы элчилерге -Америкадагы, Япония, Түштүк Корея, Араб өлкөлөрүндөгү элчилер милдеттүү түрдө жумушчу орундарды чечип келишсин. Убагында Түркия кыйналганда сырттагы мигранттар көтөрүп кеткен” ,- дейт депутат.
Булак: argument.kg