Бишкек шаарынын мэри
Э. Абдыкадыровго
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
К. Конгантиевге
Ленин районунун акими
Р. Тагаевге
Кайрылуу
Бишкекте 40 жылдан бери Ош базарынын жогору жагында ит, мышык, тоок - жаныбар базары иштейт. Улам орун которуп 10 чакты жылдан бери Кулуев көчөсүнүн Москва көчөсүнөн жогоруда, Бөкөнбаевден ылдыйда алакандай жерде ишемби, жекшемби күндөрү чыгабыз. Эми мэрия кызматкерлери "тегеректеги жашоочулар нааразылык билдирип арыз жазып атышат" деп бизди шаардан алыс кубалашмакчы. Биринчиден, биз тоскоол, зыян келтиргидей жакын арада эл жашабайт, алар кыйла алыс жайгашкан. Экинчиден, эл ит, мышык, канаттуу сатуу жана сатып алуу үчүн ушул аймакка келип көнүп калган. Ошондуктан, биз эч кимдерге тоскоол, зыян келтирбегендигибиз үчүн көнгөн "жылуу" ордубуздан козгобооңуздарды суранабыз жана талап кылабыз. Бул биздин, жаныбарлар базарында иштеп, тирилик кылып үй-бүлө багып аткан жүздөн ашык кишинин жана он миңдеген шаардыктардын, шаардан тышкарыдан да келип соода кылуучу кардарлардын, демек, көпчүлүк элдин суроо-талабы деп түшүнүүңүздөрдү суранабыз.


