Кыргызстандын 1 млн гектар жеринин 260 миң гектары гана суу сактагычтардан сугарылат. Кабмин ушул маселени жоюу максатында жакынкы 10 жыл аралыгында сууну жөнгө салуучу бассейиндерди жана суу сактагычтарды курууну пландап жатат. Суу чарба мамлекеттик агенттиги билдиргендей, учурда Лейлек районундагы Тажикстанга агып кетүүчү Козу Баглан дарыясында 8.7 млн метр куб суу топтогон суу сактагычты куруу иштери жүрүүдө.
Булак: apta.kg