Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналист Жаңылай Баймуратованын ютуб каналында билдирди. «Мени колдоп жүргөндөргө кайрылат элем. Алардан кечирим сурайм. Себеби, министр болуп туруп эмоцияга алдырып, туура эмес сөздөрдүн чыгып кеткени үчүн.
Колубуз жакшы иштейт, бирок тилибиз кооз сүйлөгөнгө көнгөн эмес экен. Өзүбүздүн болгон мүнөзүбүз, сөзүбүз менен сүйлөп коюп Мени көпкө чейин иштетишпейт себеби, акүй, көкүйдүн көбүнө жакпайм. Баарына эле жакпай атам. Андыктан мен жасай турган жакшы иштер көп», -дейт министр.
Булак:argument.kg