Печать
Категория: Коом
Просмотров: 726

Министрлер Кабинети «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомуна 9 гектар жер участогун капиталдык курулуш үчүн 49 жылга бекер пайдаланууга берүүнү караган токтом долбоору боюнча билдирүү таратты. 

"Бул жер участогу мамлекеттик менчиктин объектиси болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдындагы «Элдик» мамлекеттик ишканасынын чарбалык карамагында турат. 

9 гектар жер тилкесин бекер пайдаланууга берүү пландалып жаткан «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коому «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун туунду ишканасы болуп саналат, анда мамлекеттин 85% үлүшү бар.

Бүгүнкү күндө бул жер боюнча «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коому менен «Элдик» мамлекеттик ишканаларынын ортосунда 10 жылдык мөөнөткө узак мөөнөткө ижарага берүү келишими түзүлгөн", - дейт Министрлер Кабинети.

Белгилей кетсек, 9 гектар жер тилкесин 49 жылга узак мөөнөткө ижарага берүү менен мамлекет бул жер тилкеге менчик укугун жоготпойт.

Аталган жер тилкеси «Кыргыз Петролеум Компани» жабык акционердик коомунун нефтини кайра иштетүүчү заводунун өндүрүшүн модернизациялоодо пайдаланылат. Өндүрүштү модернизациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын 56-пунктунда каралган.