Милдеттүү түрдө беткап тагынуу эрежеси саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана коомдук транспортто гана колдонулат. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча штабдын жыйынында, 12-марттан баштап ЖОЖдордо, орто мектептерде жана башка билим берүү уюмдарында, соода борборлордо, ресторандарда, кафелерде, коомдук тамактануу жайларында, базарларда, музейлерде, спорт клубдарында, китепканаларда милдеттүү түрдө беткап тагынуу эрежесин жокко чыгаруу чечими кабыл алынды.
Беткапты милдеттүү түрдө тагынуу эрежеси бир гана саламаттык сактоо мекемелеринде (мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик) жана коомдук транспортто сакталат.
Жарандарга адамдар көп топтолгон жерлерде, базарларда, массалык иш-чараларга катышууда COVID-19 жана башка жугуштуу оорулардын алдын алуу максаттарында бет кап тагынуу эрежесин ыктыярдуу түрдө сактоо сунушталат.
Калкты коронавируска каршы эмдөөнү кеңейтүү боюнча активдүү кампанияны улантуу тапшырылды.
Вакцина коронавирусту жеңилдештирүүчү бирден бир каражат. Эмдөөдөн өтүңүздөр!
Булак: vb.kg