Печать
Категория: Коом
Просмотров: 145

Криминалдык чөйрөдө «Жапайы Арман» деген каймана аты менен таанымал казакстандык Арман Жумагелдиевдин жубайы Айкөл Аликжанова «Orda.kz» маалымат агенттигине маек курду. Анын жүрүшүндө Аликжанова учурда күйөөсүнүн коомдук жактоочусу экенин, ошондой эле жолдошу Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү менен байланышы жок экенин айтты. Ошондой эле Жумагелдиевге жалган жалаа жабылып жатканын билдирди.
Маектин жүрүшүндө Аликжанова күйөөсү эмне үчүн жана кантип Түркиядан Казакстанга келгенин, январь айындагы башаламандыкта
эмне менен алектенгенин айтып берди.
«Жапайы Арман» Казакстанда январь айында болгон башаламандыктан кийин кармалган. Ал учурда камакта.

Булак: Баракелде