Печать
Категория: Коом
Просмотров: 139

Көз карандысыздыктан бери судьяларды өз чөнтөктөрү үчүн эмес, эл жана мамлекет үчүн иштетүүнүн зарылдыгы, соттук реформа жөнүндө айтылып, ар кандай уюштуруу, мыйзамдык чаралар көрүлүп келатат, бирок  эл ыраазы болгудай соттук системага ээ боло элекпиз. Системаны оңдоо боюнча буга чейинки беш президенттин баардыгы ал-акыбалдары жеткендин баарын жасап көрүштү, бири судьялардын айлыктарын көтөрсө, экинчиси турак жай менен камсыз кылууну жакшыртып, Жээнбеков сан ариптештирүүнү, соттук процесстерди видеолорго жаздырууну да киргизди. Чындыгында акыркысы рационалдуу  аракет болчу, соттук процесстердин жүрүшү менен каалагандардын баардыгы тааныша алмак, кийин чечимге нааразы болгондор арызданышса, аны талдап, тастыктап, обьективдүү жыйынтык чыгарганга да жеңил болмок. Бирок, ал иштер башталган менен борбор калаанын негизги көчөлөрүнө видеобайкоочу жабдууларды орноткондой эле кийинкилер тарабынан ташталды, унутулуп да калды окшойт. Биздин оюбузча, судьялардын тымызын каршылык кылгандарына, айрымдары ар шылтоолорду таап, видеожазууларды иштетпей койгонго аракеттенишкендиктерине  карабастан  ал иш аягына чыгарылса, жок дегенде соттук кароолорго  мас абалында келген, же анда уктап отурган судьялар азаймак.

Аракеттеги Президент Садыр Жапаров да соттук системаны реформалап, аны элдин, мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн иштетүүгө аракет кылууда. Бул жаатта кандай иштер аткарылганын жана аткарыла тургандыгын ал Кыргызстандын судьяларынын ХII сьездинде сүйлөгөн сөзүндө айтты. Алсак, өткөн жылы өлкөдө ири конституциялык реформа ишке ашырылып, жалпы элдик добуш берүүнүн негизинде жаңы Конституцияга ээ болдук. Ал реформанын алкагында соттук системаны жөнгө салуучу  конституциялык 5 мыйзам кабыл алынды. Судьялардын маяналары көбөйтүлдү. Алардын материалдык-техникалык базаларын, кызматтык турак-жай менен камсыз болуусун жакшыртуу  багытында да иш аракеттер болууда. Системаны жаманатты болгондордон арылтып, жаңыландыруу боюнча да иштер жүргүзүлүүдө. Жакында эле Жогорку Соттун жана Конституциялык палатанын төрагалары алмаштырылды. “Кыргыз  Республикасында сот иштерин жүргүзүү боюнча Кеңеш жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, мындан ары судьяларды судьялар өздөрү шайлашат. Дисциплинардык комиссия да соттук бийликке өткөрүлүп берилди. Бир сөз менен айтканда, Президент, мамлекет соттук системанын ишин жакшыртуу боюнча мүмкүнчүлүктөгү чаралардын баардыгын көрүүдө. Бирок, мындан ары системанын иши жакшырабы же орустар айткандай, “а ныне воз там” бойдон калабы?

Жакшы ниеттердин, аракеттердин болгону жакшы, бирок тозокко кетип жаткан жолдун эки жагы да жакшынакай  каалоо тилектерге толтура дегенди да унутпасак.

Соттук системага толук өз алдынчалык берилүүдө. Бирок, ошондон эле системанын иши жакшырып, баардыгыбыз мыйзам менен иштеп, жашап калсак кана! Биздин оюбузча, өз алдынчалык менен кошо судьялардын иштерин көзөмөлдөп, ар кандай терс көрүнүштөрдү убагында четтете турган механизмдер да түзүлбөсө, тармак  “өзүмдү өзүм билемин, өтүгүмдү төргө илемин” деген көрүнүшкө айланып кетиши да мүмкүн. Андай болбосуна эч ким кепилдик кыла албайт. Кыргыздардан кимдердин прокурор, сот же милиция болгусу келет? Эзелтен эле булар жеңил оокатты көбүрөөк тапкысы, башкаларга чоң болгусу келгендердин эңсегендери болгон. Эл да, анда иштегендер да бул тармактарды ошондой түшүнүшөт, кабылдашат. Демек, уюштуруу, материалдык техникалык жактардан камсыздоо чараларынан да мурда мына ошондой психологияны, көз карашты жоюуга да басым жасалышы керек. Адамдык фактор да жакшы жагына оңдолуп, түзөлбөсө, мыйзамдар, көрүлгөн чаралар мурдагы аракеттердей эле кагаздарда эле кала берүүсү да ыктымал.

Тилекке каршы, муну ишке ашыруу аябагандай татаал, сырты, тили жакшынакай судьянын ичи кандай экенин эч ким билбейт. Бирок, мамлекет судьяларды ичтен жакшырта албаса да сырткы механизмдер аркылуу алардын иштерин, мурдагы советтик мезгилдегидей,  толук болбосо да  жарым жартылай мыйзамдуулуктун жолуна сала алат. Ал үчүн мыйзамдуулуктан тайган судьяларга, өзгөчө айрымдардын иштерин кароону бир нече жылдарга создуктуруп, туура эмес чечим чыгаргандарды, беренелерди өз кызыкчылыктарына жараша атайылап бурмалагандарды экинчи укук коргоо тармагына жолотпой тургандай катаал чечимдер кабыл алынуусу керек. Бизде  биринчи президенттен тартып, бешинчисинин да буйрутмаларын аткарып, далайлардын тагдырларын талкалагандар азыр деле иштеп жатышат. Андай судьялар системадан биротоло айдалмайынча, система тазаланбайт, күн карамачылык азайбайт.

Президенттин судьялардын өз кичи мекендеринен башка аймактарда гана иштөөсүнө, бир райондо же шаарда  көп иштөөсүнө тыюу салуу жөнүндө сунушун колдойбуз. Судьялар ротациялык негизде гана иштеши, саламаттыкты сактоо тармагындагыдай  айрым институттарды, ооруканаларды атасы балдары, жакын туугандары, жердештери менен биротоло ээлеп, менчик кылып алгандай көрүнүштөргө жол коюлбашы керек. Тилекке каршы, бизде билим берүү тармагында да династиялардын, трайбалисттердин очокторуна айланган мекемелер  жылдан жылга  көбөйүүдө. Бирок, министрлик, Өкмөт тарабынан аларга карата эч кандай чаралар көрүлбөй жатат.  Анан каяктагы мыйзамдуулукту айтып элдин башын оорутабыз.

        

Тынчтыкбек  Бешкемпиров