Тилекке каршы, өлкөбүздөгү жашы жете электерге зордук-зомбулук көрсөтүү, же башкача айтканда педофилизм көрүнүштөрү азая элек. Педофилдерге болгон жазанын жеңилдигинен улам кылмыштын бул түрүнө бөгөт коюу мүмкүн болбой келүүдө.
Жогорку Кеңеште Кылмыш Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, педофилдерге жазаны күчөтүү маселеси каралууда. Айрым депутаттар жаза мөөнөтүн 25 жылга чейин узартууну сунуш кылышса, педофилдерге каршы өлүм жазасын киргизүүнү жактагандар да болуп жатат.
Ушуга байланыштуу «24.kg» маалымат агенттиги атайын сурамжылоо жүргүзүп, окурмандардын бул маселедеги пикирин билди. Суралгандардын жарымынан көбү өлүм жазасын киргизүүнү колдоого алса, 22 %ы өмүр бою эркинен ажыратуу, 21 %ы мажбурлап кастрациялоо туура болорун айтышкан. Ал эми респонденттердин 5 %ы педофилдердин аты-жөндөрү реестрде камтылып, ал коомчулукка ачык болушу зарылдыгын билдиришти.
Ал эми сиз кандай ойлойсуз, окурман? Жашы жете электерге зомбулук көрсөтүп, айбанчылык кылгандарга кандай жаза ылайыктуу болот? Канткенде педофилдикке бөгөт коюп, алдын ала алабыз?