Печать
Категория: Коом
Просмотров: 133

Бул тууралуу ИИМдин басма өз кызматы билдирди.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча  кызматынын жана анын аймактардагы бөлүктөрүнүн кызматкерлери  тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча» Жарлыгын жергиликтүү тургундарга жеткирүү максатында профилактикалык түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Алсак, ИИМдин кызматкерлери  мечиттерге жума намазка келген жарандар менен жолугушуп, бул Жарлык боюнча кенен түшүндүрмө беришип, жарандардын суроолоруна жооп беришүүдө.

Буга чейин үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүдө, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында куру намыска алдырып, бири-бирине атаандашып,   ысырапкерчиликке жол берилип,  ошол үй-бүлөнү көптөгөн чыгымга алып келген учурлар көп болгон.

Бул маселени эске алуу менен  ИИМдин ЭММКАКтын жана  аймактык бөлүктөрүнүн кызматкерлери  түшүндүрүү иш-чараларынын алкагында калк маркумду коюу, эскерүү, ошондой эле үйлөнүү үлпөт, мааракелерди өткөрүү менен байланышкан ар кандай үй-бүлөлүк иш-чараларда негизсиз чыгашаларга дуушар болуп жаткандыгын, ал тургай мындай шаан-шөкөт салтанаттарды жана башка иш-чараларды өткөрүү кеңири жайылган көрүнүш болуп бара жаткандыгын айтышты. Мындан тышкары үй-бүлөлүк мааракелик салтанаттарды жана маркумду эскерүү иш-чараларында улуттук каада-салттарга, адеп-ахлак ченемдерине карама-каршы келген үрп-адаттарга жол бербөө маселеси кеңири талкууланып, жергиликтүү тургундарга түшүндүрмө берилди.

Ошол эле учурда жергиликтүү тургундар Президенттин бул Жарлыгын колдошоорун айтышып, ысырапкерчилик элдин социалдык-экономикалык жашоосуна терс таасирин тийгизип жатканын жолугушууда айтып беришти.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Президенттин Жарлыгын элге туура жеткирүү максатында ушундай иш-чараларды уюштуруп,  Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүүдө.

Булак: argument.kg