Печать
Категория: Коом
Просмотров: 790

Кинопродюсер  Өмүрзак Төлөбеков менен маек

-    Өмүрзак Жолдош уулу, Москва, Стамбул шаарларында “Манастын уулу Семетей” тасмасынын жабык көрсөтүүсүн уюштурганыңыз соцтармактарда кызуу талкууланып атат. “Эмнеге башка өлкөлөрдө көрсөтөсүз, Кыргызстанда элге качан тартууланат?” деген суроолор жабалактоодо.

-    "Манастын уулу Семетей" тасмабызга өткөн жылы июнь айында а деп киришип, 24-октябрда биринчи жабык көрсөтүүнү мамкатчы, вице-премьер-министр баш болгон коомдук ишмерлер,  16-декабрда президент Жапаровдун  катышуусунда манасчылардын, тарыхчылардын өкүлдөрү, чыгармачыл уюмдардын жетекчилери, быйыл февралда Стамбулда, Москвада Туркия, Орусиядагы диаспора активисттеринин катышуусунда чет өлкөлүк киночулар, марттын башында кыргыз саясатынын жана маданиятынын  көрүнүктүү ишмерлери менен уюштурдук. Кинобузга айтылган сын пикир, каалоолорду эске алып, улам алымча-кошумчалар менен чыйралтып, оңдоп-түзөп келдик. Тасмабызга ар кандай ачуу, кермек сын пикирлер жаады,  ошону менен бирге жакшы,  жылуу ойлор айтылды. 

"Ыйык чыгарманы киного айлантпаш керек", "токтотулсун" дегендер да чыкты. Бирок, көңүл көтөргөн ийги пикирлер артык болду. Мамкатчы Касманбетов: "Муз ордунан козголду, улуу "Манаска" киришип, алгачкы саамалык жаралды", вице-премьер-министр Байсалов: "Жаш муундарга улуу эпосубузду кеңири таанылтуучу баалуу эмгек", Кыргыз саясатынын алпы Шеримкулов: "Төл башы... Советтик 75, эгемендик 30 жылыбызда а деп улуу "Манас" эпосубузду киного айлантууга жол салынды", Орус эл артисти Панкратов-Чёрный: “Бир нече ондогон миллион долларга тартылган кинолордун деңгээлинде чыгыптыр”, Орус-казак кино режиссёру Исхаков: “Кыргыздар революциячыл келесиңер, эми    аз каражат менен чоң кино жаратып, маданий революция жасадыңар” Түркия Кыргыздары маданий уюмунун жетекчиси Метин: "Дүйнөдөгү ар бир кыргыз көрө турган, эпосту элге жеткире турган абдан баалуу кино", Орусиядагы Кыргыз диаспорасынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Турдубаев: "Кыргыздын биринчи улуу тарыхый тасмасы", Кыргыз эл артисти Алышпаев: "Кыргыз маданиятындагы олуттуу эмгекти колдоого алган президент Жапаровго ыраазылык!", Сманбеков: "Айсберг...", Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысынын орун басары Раев: “Манас, Семетей, Бакай, Жакып, Каныкей, Чыйырды... Эпос тууралуу баалуу маалыматтарды бул тасма аркылуу ар бир кыргызга, ар бир мектеп окуучусуна жеткирүү керек” деген ойлорду айтышты.

Биз буга дейре "Президент жана бомж-1-2-3", "Москва сүйүүсү", "Миллионердин сүйүүсү," “Төңкөрүш" тасмаларын 2-3 айда тартып, чыгармачыл топ талкуулап элге тартуулай берчү элек. "Манастын уулу Семетей" элибиздин улуу,  ыйык чыгармасы экендигинен улам тасманы тартып бүтүп алып жарым жылдап улам кеңири талкуулап, оңдоп-түзөп келатабыз.

Шеримкулов таамай белгиледи: "Манас, Семетей,  Сейтекти көпчүлүк кыргыздар ашкере жогору баалашып, кинодон  шумдук көрүнүштөрдү талаптап күтүшөт. Ошон үчүн ар кандай пикирлер болуп атат,  боло берет. Бирок, реалдуу турмуш чындыгынан  караганда салмактуу, баалуу тасма жаралып аткандыгы кубанычтуу".

Улуу чыгармабызды ааламга алып чыгуу аракетинде бир катар ири өлкөлөрдүн киночулары менен жемиштүү сүйлөшүүлөр жүрүп аткандыгын маңдай жарыла кошумчалагым келет. 

Тасмабызды азырынча жумушчу вариант катары көрсөтүп,  талкуулап, оңдоп-түздөп жыйынтыктап баратабыз. Буйруса, эми дагы бир, эки айдан кийин жалпы элге тартуулайбыз деген ойдо турабыз.

Атактуу адамдар бүгүн бул кино тууралуу таасын ойлорун айтышууда. Мисалы, 'Один пояс - один путь" эл аралык долбоорунун Орто Азия боюнча башчысы Жания Тапалова: "Бул кино Орто Азия өлкөлөрүнүн сыймыгы  болот", ЖКнын 6-чакырылышынын депутаты Эркин Жолдошалиев: "Султан Сулейман чыгаарда түрк коомчулугу "тарыхты бурмалады" деп доомат койгон, ага карабай тасма дүйнөгө дүң болду. "Манастын уулу Семетей" да Кыргыздын эл аралык абройго татырлык чыгармасы болооруна ишенем"- дешти.