Печать
Категория: Коом
Просмотров: 531

Кыргыз туусунун 30 жылдыгына карата Кыргыз туусун, гербин, гимнин, сомун Жогорку Кеңеш кабыл алганда ага кол койгон легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов баш  болгон Дөөлөтбек Шадыбеков,  Орозбек Алымжанов, Жеңишбек Качыкеев, Салима Малдыбаева өңдүү белгилүү коомдук ишмерлер чыгармачыл топ менен "Манастын уулу Семетей" тасмасынын жабык көрсөтүүсүнө катышышты.

- Кыргызстан Компартиясынын идеологу,  эгемен Кыргызстандын легендарлуу парламентинин төрагасы катары Кыргыздын көптөгөн көркөм фильмдерин талдап, жарыкка чыгуусуна жол ачканбыз. "МАНАС","СЕМЕТЕЙ","СЕЙТЕК" темасына Болот Шамшиев баш болгон бир топ кино режиссёрлор кайрылууга аракеттенишкен. 75 жылдык Советтик,  30 жылдык эгемендик тарыхыбызда эми минтип биринчи жолу "Манастын уулу Семетей" тасмасы тартылгандыгы Кыргыз маданиятындагы, идеологиясындагы олуттуу окуя. Тасма кызыктуу, Кыргыз элине пайдалуу, өзгөчө кийинки муундарга сабак-таалим берүүчү баалуу эмгек болгондугу кубантты. Ар кандай ачуу сын пикирлерге карабай Төлөбеков мындай улуу чыгарманы киного айлантып,  бир катар чет өлкөлөргө чыгарууга аракет жасап аткандыгы чыныгы эрдик. Бул элибиздин улуу мурасын калкка кеңири таратуучу киного киришкен төл башы болсун! "Манас","Семетей","Сейтек" чалкыган океан. Буйруса алдыда керемет улуу тасмалар тартылсын! "Манастын уулу Семетей" тасмасына, аны жараткан чыгармачыл топко, башкы продюсери Өмүрзак Төлөбековго ак жол,  ак бата!деди чыгаан коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов.

.