Печать
Категория: Коом
Просмотров: 67

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, иш аталган телеканалга Жазык кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар аралык кастыкты козутуу) менен ачылды.

УКМК телеканалдын социалдык тармактагы баракчасына «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабар Казакстандын атайын кызматынын мурдагы башчысына шилтеме берилип, жайгаштырылганын билдирди.

Кошумчалай кетсек, Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы Кыргызстандын аскерлери өлкө аймагында экенин, алар чет мамлекеттердеги атайын операцияларга катышпай турганын билдирген. Социалдык тармакта тараган кеп калп экени айтылган.


Булак: maralfm.kg