Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Же Кыргызстан Борбордук Азияда эң акыркы болуп, ашкере чыгымдарды талап кылган каада-салттарды чектөө жөнүндө демилгеге кошулду.
Өзбекстанда Президенттин мындай маанидеги жарлыгы 1990-жылдардын аягында эле чыккан. Ал Жарлыкка ылайык, 200 адамдан ашык адам чакырып той, үлпөт өткөрүүгө, үйлөнүү тойлорунда 3 автоунаадан ашык кортеж менен көчөдө жүргөнгө тыюу салынган. Ал эми өзбектерде илгертен эле сөөк чыгарылган жерде мал союлбайт, үч күнгө чейин сырттан келгендерге ал жерде даам сыздырылбайт. Үч күндөн кийин гана базардан он килодой эт сатып келип, аш басып куран окуттуруп коюшат. Өзбектердин үйлөрүндө өткөрүлгөн тойлорунда деле дасторконго нан, боорсок, анча-мынча конфеттерден башка эч нерсе коюлбайт.
Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон 2006-жылы той-аштардагы ашыкча чыгымдарды чектөө жөнүндө мыйзам кабыл алардын алдында элге кайрылып; “орто эсеп менен жыл сайын той-аштарда 240 миңден ашык бодо мал союлуп, 2 миллиард долларга чейин каражат жумшалат. Араңдан тапкандарыбызды минтип чача берсек, биз эч качан жарыбайбыз” деп ачык айтып, тойлорго 250дөн ашык адам чакырбоо, аны 2 сааттан ашык созбоо, мекеме-ишканалардын, уюмдардын мааракелерин өткөрүүгө категориялуу түрдө тыюу салуу, ал талаптарды сактабаган үлпөт ээлерине социалдык макамдарына жараша 600 доллардан 4,5 миң долларга чейин айып пул салуу жөнүндө мыйзамга кол койгон.
Биздин айрым аймактарда маркумдарды акыркы сапарга узатуудагы ыгым-чыгымдар эбак эле рационалдуу чектен чыгып, социалдык алааматтын бир түрүнө айланып кеткен. Өзбектер тойго 200 адам чакырганды, тажиктер сөөк чыгарылган жерде 1 бодо сойгонду көп деп эсептешсе, Кыргызстандын айрым аймактарында 5-6дан жылкы союп, сөөк узаткандар чекеден жолугат.
Алсак, Аскар Салымбеков апасы өлгөндө 10 бээ сойгонун айтып жүрүшөт. Кыргызстанда баласы үйлөнгөндө 2 жума той бергени үчүн кызматынан алынган аким да болгон. Айрым аракеттеги жана экске айланган мамчиновниктер өз мааракелерин айылындагылар үчүн өзүнчө, жоро-жолдошторуна жана бирге иштешкендерине өзүнчө кылып 2-3 жолудан өткөрүп жүрүшөт. Же той-аш деген бизде мамлекеттик жана муниципалдык чиновниктер, байлар үчүн эбак эле коррупциянын бир формасына айланган. Андай көрүнүштөргө чектөө киргизүү жөнүндө көп айтылды, жазылды, бирок “андай чектөө адам укуктарына, демократиялуулукка доо кетирет” дегендер да аз эмес. Алар негизинен мамлекеттик, муниципалдык чиновниктер, анан Кыргызстанды ичтен кыйратуу үчүн гана иштеп жаткан айрым НПОшниктер болуп саналышат.
Азыр расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын калкынын 30 пайыздан ашыгы кедей, биротоло жакырлангандар да аз эмес. Акыркы жылдардагы инфляциядан улам жакырлар, кедейлер көбөйдү, азайбады. Кыргызстанда 700 миңдей пенсионер болсо, алардын жарымынан көбүнүн пенсиялары күндөлүк жашоо минимумунун өлчөмүнө жетпейт. Айына 5-7 миң сомдон гана айлык алгандар толуп жатат. Мындай шартта бийликтегилер, мамлекеттик жана муниципалдык чиновниктер, байлар, ишкерлер да иштеп, жашап, көңүл ачканда элдин абалын эске алып жүрүүлөрү керек. Кыргызда “кошунаң сокур болсо, бир көзүңдү кысып жүр” деп бекер айтылбайт. Дүйнөнүн демократиялуу өнүккөн өлкөлөрүнүн баардыгындагы (артисттерден башкалары) маммумчиновниктер, бизнесчилер, ишкерлер ж.б. элдин абалына карап иш кылышат.
Жапония машиналарды жана кемелерди курууда, электроникалык жана жогорку технологиялардагы товарларды чыгарууда дүйнөдө төңкөрүш жасап, дүйнөлүк рыноктун сезилерлик бөлүгүн ээлегенге жетишкен жүздөгөн менеджерлерди, ишкерлерди берген. Бирок, алардын арасында АКШдагыдай же Россиядагыдай мультимиллионерлери, миллиардарлери болгон эмес. Анткени, алар тапкан кирешелерин яхталарды, кан сарайларды сатып алууга эмес, өндүрүштү кеңейтүүгө, жумушчулардын, инженер-техникалык кызматкерлердин квалификацияларын жогорулатууга, жашоо-иштөө шарттарын жакшыртууга гана жумшашкан. Ал жапон духу деп айтылат, ал дух кылымдай убакыттан бери атаандаштарынын баардыгын жеңип келатат.
Бизде жакшы укук-ченемдик актылар көп эле кабыл алынган менен көпчүлүгү жетиштүү иштебейт. Бул мыйзам да орто жолдо кала бербеси үчүн Министрлер Кабинети облустардын, район-шаарлардын, айыл өкмөттөрдүн жана айылдардын башчыларынын, укук коргоо органдарынын, коомдук уюмдардын жетекчилеринин милдеттери, жоопкерчиликтери конкреттүү так көрсөтүлгөн атайын токтом чыгарып, аны аткаруучуларга жеткирип, бир жылда эки-үч жолудан аткарылышын отурумдарында карап турушу керек. Мындай иштерде жетекчилер, саясатчылар, депутаттар жана байлар, күркүлдөр үлгү көрсөтүүлөрү зарыл. Алар кубаттап чыгышса, ал жакшы жагына тез эле өзгөрөт. Анткени, Жалал-Абад, Ош облустарынын айрым айыл аймактарында андай норма эбак эле киргизилген. Демек, элдин басымдуу көпчүлүгү колдойт, тилекке каршы, Жарлык менен эсептешкиси келбегендер дагы деле биринчи кезекте маммумчиновниктерден, депутаттардан жана байлардан чыгат. Андай жолго барган 5-6 маммумчиновник кызматтарынан алынып, жазаланганда гана калгандары эстерине келет.
Бийлик бул жагын сөзсүз эске алуусу зарыл.
Булак: “Майдан. kg” гезити