Печать
Категория: Коом
Просмотров: 148

Коомдук ишмер Алмаз Кулматов коомдук жана мамлекеттик ишмер Бекболот Талгарбековдун туулган күнүнө карата ал тууралуу макаласын жарыялады:

- Белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Бекболот Талгарбековдун бүгүн туулган күнү. Биздин туугандардын сыймыгы, ардактуу агамдын өмүр жана эмгек жолу тууралуу китеп жазам деп материалдарды чогултуп жүрөм. Куттуктоо иретинде бүгүн айрым пикирлерди жарыялоону туура көрдүм.

Сопубек Бегалиев, Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, Мампландын төрагасы (1968-91-жж.): "Талгарбеков - залкар реформатор!"

- Ошол 1989-91-жылдары өлкөбүздүн айыл чарбасы урап бараткан эле. Бул татаал көрүнүштү кээ бирөөлөр сезип, билип тургандыгы менен эч кимиси чындыкты мойнуна алгылары келбеген. Мына ушундай мезгилде Талгарбеков айыл чарбадагы терс көрүнүштөрдү ачык сындап, аны толук реформалоо зарыл экендигин айтып чыкты. Кийин Талгарбеков реформаны өзү тереңдетип жүргүздү. Натыйжада, ал реформа рынок экономикасына ылайыкташкандыгын турмуш далилдеди. Азыр болсо баарыбыз каалайбызбы, каалабайбызбы ошол реформанын негизиндеги айыл чарбасына моюн сунуп иштеп жатабыз. Андыктан мен Бекболот Талгарбековду эч тартынбастан залкар реформатор деп айта алам (2000-ж.).

Жумакадыр Тагайбаев, КР Конституциялык сотунун экс-мүчөсү: "Талгарбековдун кыргыз элине теңдикти жана эркиндикти чогуу берген революциясы түбөлүктүү!"

Адамзат тарыхында эки улуу революция болуп өткөн. Биринчиси – он сегизинчи кылымдагы Улуу француз революциясы. Ал королдун династиялык бийлигин кулатып, француз элине эркиндик берген. Бирок, теңдикти камсыздай албаган. Бай-кедейлердин ажырымы өзгөргөн эмес. Экинчиси – жыйырманчы кылымдагы Улуу Октябрь революциясы. Ал совет элине эмгектенүүгө, билим алууга, жашоого чыныгы теңдикти тартуулаган. Бирок эркиндик берген эмес. Эл мамлекеттин көрсөтмөсү, буйругу, эрки менен гана жашап, иштеген. Натыйжада эки улуу революция тең акыры кыйроого учурашкан. Ал эми Бекболот Талгарбеков кыргыз айыл элине жерди, малды, мүлктү теңдеп менчикке берди. Ошону менен бирге өз алдынча чечим кабыл алууга, иштөөгө, өндүргөн продукциясына ээ болууга толук укукту камсыздап, чыныгы эркиндикти тартуулады. Эки кыйраган улуу революциялардан айырмаланып, Талгарбековдун кыргыз элине теңдикти жана эркиндикти чогуу берген революциясы түбөлүктүү! (2005-ж.)

Качкынбай Кадыркулов, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери: "Постсоветтик өлкөлөрдө Талгарбековдой  реформатор жок"

- Бекболот Талгарбеков жүргүзгөн айыл чарба реформасы кыргыз элин 90- жылдардагы апааттан аман-эсен сууруп чыкты. Он-жүз миңдеген эркин дыйкандардын катмары пайда болуп, алар оор сынактан өтүшүп, өздөрүн, үй-бүлөсүн гана эмес, Ата-Мекенибизди сактап калышты. Ошол тарыхый өзгөрүүлөрдүн башында Талгарбеков турду. Ал эл-журттун келечеги үчүн баарына кайыл болуп, башын байлап, жанын үрөп иштеп берди. Постсоветтик өлкөлөрдө Талгарбековдой бир да реформатор болбоду (2020-ж.).