Печать
Категория: Коом
Просмотров: 149

Депутат Жеңишбек Токторбаев парламент жыйынында спикер Талант Мамытовго Камчыбек Ташиев менен Акылбек Жапаровду жыйынга чакыруу сунушу менен кайрылды. Бул боюнча өзү төмөнкүдөй түшүндүрмө берди. 

"Бүгүнкү күндө баарыбызга белгилүү, Россия менен Украинанын ортосунда согуш жүрүп жатат. Бул эки мамлекеттин ортосунда эле эмес НАТО блогуна кирген бир топ Европалык мамлекеттердин да тиешеси болуп жатканы жашыруун эмес. Азыркы күндө бул согуштун кесепети бүткүл дүйнөгө - саясий чөйрөдө дагы, финансалык чөйрөдө дагы билине баштады. Коопсуздук маселелер жагынан дагы коркунуч келтирилүүдө.

Ушул абал биздин мамлекеттин коопсуздугуна, экономикалык жана финансалык абалына канчалык деңгээлде таасири бар экендигин тактап алганга убакыт жетти деп эсептеймин.

Ошондуктан сессиянын күн тартибине ушул маселени киргизип, так жооп алуу үчүн Министрлер Кабинетинин төрагасы – Жапаров Акылбек Усенбековичти жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы-генерал Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичти жыйынга чакырып, маалымат алсак туура болот. Анткени бул маанилүү маселе!" - деди депутат.