Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өзүнүн акыркы билдирүүсү менен мугалимдерди ойлонтуп койду. Дегенибиз, А.Жапаров мындан ары мугалимдердин айлыктарынын суммасы окуучулардын санына жараша аныкталарын айтты. Анын өз билгени бардыр, бирок биздин оюбузча, мугалимдердин эмгектерин окуучулардын саны менен баалоо күтүлгөн да, күтүлбөгөн да кесепеттерге алып келери бышык.
Бизде шаарлардагы кээ бир мектептерде окуучулар класстарга батпай, 3 нөөмөт менен окуп жатышса, аймактардагы айрым мектептерде окуучулардын саны аз, класстар толбойт. Мындай шартта кандай болот? Бирдей эле педагогдук тажрыйбасы, билими бар мугалимдер окуучулары аз болгону үчүн эле аз маяна алып калабы? Окуучулардын саны аз болгону үчүн мугалимдерде эмне күнөө? Эми мугалимдер маянамды көбөйтөйүн деп башка окуучулары көп мектептерди издей башташы керекпи? Көрүнүп тургандай эч бир логикага да, акылга да сыйбаган чечим.
Ушундай чечимдин натыйжасында окуу жайды бүткөн жаш мугалимдер аймактардагы мектептерден качышып, окуучуларынын саны аз мектептерге эч ким иштегени барбай койсочу? Андай болбойт дегенге эч кандай кепилдик жок. Эмне, Министрлер кабинетинин төрагасы А.Жапаров ушундай кесепеттер болорун ойлогон жокпу? Көрөгөчтүгү бар, акылы балакеттей адам эмес беле.
Окуучулардын саны азбы, көппү, мугалим өзүнүн стажына, тажрыйбасына, эмгегине жараша маяна алышы керек. Мугалимдердин айлыктарынан акча үнөмдөйбүз дегениңерди токтоткула!
Булак: “Майдан. kg” гезити