Тилекке каршы, Кыргызстанда ар кандай турмуштук кырдаалдардан улам наристелерге документтер алынбай калган учурлар аз эмес. Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинен 2021-жылы 1 миң 84 баланын документи жок экендиги аныкталса, учурга карата алардын 40 %ына документтер берилгенин маалымдады.
Балдардын зордук-зомбулукка кабылууларын алдын алуу максатында өткөн жылы 476 миң 681 бала менен атайын адистер маектешүүлөрдү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 5 миң 412 бала турмуштук оор кырдаалга туш болгону аныкталса, 79 миң 805 баланын ата-энелери Кыргызстандан сыртта иштеп жүрүшкөнү белгилүү болгон.
Өкүнүчтүүсү, балдарга орой мамиле жасоо, аларды уруп-сабоо көрүнүштөрү дагы деле болууда. 2021-жылы 417 бала зордук-зомбулукка кабылса, алардын 222си физикалык уруп-сабоого, 118и сексуалдык зомбулукка, 77си психологиялык басымдарга кабылышкан. Ведомстводон билдиришкендей, өткөн жылы 864 бала убактылуу багуучулардын колдоруна өткөрүлүп берилген.
Булак: “Майдан. kg” гезити