- Турсунбай агай, Кыргызстандын улуттук идеологиясы кандай болушу керек? Биз идеологияны кайдан издешибиз керек?
- Улуттук идеологиянын негизи тигил же бул мамлекеттин же цивилизациянын көчүрмөсү, же жасалма жол менен ойлоп табылган баалуулуктар жана принциптер болбош керек. Кечээ эле дүйнөнү титиреткен супер каганат СССР урап, кулап, жок болгонунун негизги себеби - элдердин өнүгүүсүнүн табигый жолунан баш тартып, жасалма жол менен жаңы советтик коомду, советтик адамды калыптаган, СССРге бириккен элдерди дининен баш тарткызган коммунисттик идеология жашоонун талаптарына, чакырыктарына туруштук бере албай, жеңилип калганынан.
Бүгүн СССРдин мурункү Балтика үч республикасынан (Латвия, Литва, Эстония) бөлөк калган 12 советтик республиканын жетекчилери да, эли да кайсы идеология менен кайсы мамлекеттик түзүлүштө жүргөнүн айтып бере алышпайт. Ошол 12 мамлекеттин эли Совет коомунун мурасынан баш тарта алышпай, жаңы коомду толук кабыл алалышпай, жапайы капитализмде, цивилизациянын бир туңгуюгунда жашап жаткандай болуп жатат.
Кыргызстандын тунгуч президенти А.Акаев “улуттук идеологияны жараткын” деп мамлекеттик катчыларына тапшырма берген. Бирок, алар “Манастын жети осуяты” деген идеядан жана 3-кабаттуу боз үйдөн бөлөк жалпы эл колдоп кете турган идеологияны сунуштай алышкан жок.
Кийинки президент да улуттук идеологияны жаратуу үчүн мамлекеттик идеологияны жаратууну тапшырды. Бирок, ал мамлекеттик катчы теңирчи болгондуктан, идеология эмес, а Акаев учурундагы алтынга, дүнүйө байлыгына кызыгуусун улантып кетти. А андан кийинки мамлекеттик катчы адамды сойгон патологоанатом сыяктуу эле болуп калды. “Качан улуттук идеологияны жазып бүтөсүңөр?” деп президент да, коомчулук да кызыгышса - “азыр скелетин түздүк, жакында ал этке толот!” деп айтты да, ошону менен кутулду.
Кийинки президенттерде “мамлекеттик катчы” деген кызмат жоюлуп, идеологияны эч ким эстеп койгон да жок. Мына эми Садыр Жапаров ал кызматты кайра жаратып, ага эми мыкты инсанды дайындады. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов - 30 жылга чукул Жогорку Кеңеште аппарат жетекчисинин орун басары, азыркы ажонун аппарат жетекчиси болуп иштеген. Кандай гана акылдуу, даанышман, мекенчил, мамлекетчил адамдар менен иштешкен жок! Билиминин негизи да жайында - Кыргыз улуттук университеттин тарых факультетин аяктаган. СССР учурунда ал факультетти “идеологиялык факультет” деп атап коюшчу.
Сүйүнбек иниме - бир эле каалоо: мурдагы мамлекеттик катчылардын каталарын кайталабоо! Акылдуу адам өзүнүн эмес, а башкалардын каталарынан сабак алат дегендей.
Ошондуктан идеологияны жасалма жол менен жаратыштын же башка элдикин көчүрүштүн кереги жок. Мына алдыңкы Азия өлкөсү Жапонияны карагыла: улуттук каада-салтка жана динине негизделген, ошону менен кошо улуттук менталитетке каршы келбеген, жапон элдин өзгөчөлүгүн талкалабай турган алдыңкы цивилизациялардын жетишкендиктерин кабыл алышкан идеологияны түзүшкөн.
Менин да оюм ошондой: адамзаттын алдыңкы, прогрессивдүү жетишкендиктерин камтыган жана ата-бабаларыбыздан мурас катары бизге калган, элибизди жоголуп кетүүдөн жана манкуртташуудан сактап келген ислам дини менен кошо динибизге каршы келбеген каада-салттарына негизделген улуттук идеология абзел!
- Эмнеге саясатчылардын арасында ынтымак жоголуп кетти?
- Башында айтып кеткенимдей, улуттук идеология жок болгондуктан адамдардын, алардын ичинде саясатчылардын жана саясатчы сөрөйлөрдүн да, баштарынын ичи боп-бош, вакуум. Анткени, коммунизмди 30 жыл мурда кууп чыгарышты, динден “башка өлкөлөр эмне дейт экен?!” деп чочулап турушат, а жапайы капитализмден элибиз кыйналып кетип, социализмди эңсеп жүргөн учуру. Ынтымак болуу үчүн саясатчыларды бириктирүү же болушунча жакындатуу үчүн бир максат (улуттук идеология) жана ыймандуулук керек!
Булак: “Майдан. kg” гезити