Украинанын президенти Владимир Зеленский Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө "жакынкы 24 саат Украина үчүн чечүүчү болорун" айтты, деп билдирди Рейтер агенттиги Даунинг-стриттин басма сөз катчысына таянып.
Жонсон Зеленскийге Улуу Британия жана анын союздаштары коргонууга берилүүчү жардамды Украинага жеткирүү үчүн колдон келгендин баарын жасай турганын убада кылды.
Ошондой эле, Улуу Британия Украинага медициналык жардамдын алкагында 40 миллион фунт стерлинг берет.
Булак:: vb.kg