Бир кезде, улуу инсан Исхак Раззаков республикабыздын жетекчиси болуп турганда ал кезде Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки кыйын учур экендигине карабай, мектеп окуучуларына мамлекеттин эсебинен бир маал бекер тамак уюштурган. Ал тургай бир жылы жүзүмдүн түшүмү болбой калганда “биздин балдар жашылча-жемиш жебей калбаш керек...”,- деп, кошуна мамлекеттерден жүзүм ташытып турган экен.
Ким билет, кийинки бийлик башындагылар И.Раззаковдун жолун жолдосок эле акылдуу болуп, зоболобуз жогорулап кетет дештиби же бөбөктөргө чындап күйдүбү, айтор ошол жылдардагы жакшы салтты кайра улантышкан болчу. Бирок кайсы бир жылдары каражат жоктугуна шылтоолоп, ал чашке чайы берилбей калган да жайы бар. Берген учурда деле алдым-жуттум ашпозчулар менен мектеп директорлору ушул окуучулардын тамагына да коррупциялык колун салып, Ак үйдөгүлөр айласы кеткенде, Бишкектеги окуучуларды тамак-аш менен камсыз кылган башкармалыкты жоюп жиберип кутулган.
Ал эми акыркы жылдары бул салт кайра улантылган менен маал маалы азыркы кымбатчылык заманда ал каражат эч нерсеге жетпей тургандыгы айтылып келет. Ушул жумада да Парламентте бул маселе козголуп, депутаттардын бири мектептерде бир окуучунун тамак-ашы үчүн 7 сом бөлүнөрү айтылды.
Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова окуучуларга шаарларда 7 сомдон, ал эми алыскы аймактарда 10 сомдон бөлүнөрүн белгиледи. Анын айтымында, азык-түлүк кымбаттагандыктан бул акча жетпей жатат.
“Биз ачык эле айтышыбыз керек. Райондордо, шаарларда тендер өткөргөндө компаниялардын азык-түлүктү жеткирүүгө каалоосу жок. Экинчиден туура тамактануу боюнча менюнун 23 түрү бар. Ошого азык-түлүк кымбаттап кеткендиктен, биз Каржы министрлигине эки жолу кат менен кайрылдык. Жок дегенде 7 сомду 14 сом, 10 сомду 20 сом кылганга. Ошондо гана азык-түлүктүн бааларына дал келет эле. Каржы министрлиги маселени комплекстүү карайлы деп жатат. Болбосо тендерге катышкан компаниялардын каалоосу жок болуп жатат”,- деп министрдин орун басары жагдайды ачык айтты.
Депутат Айгүл Айдарова 7 сомго кандай тамак жасалары боюнча кимдир бирөө көзөмөл жүргүзөбү деп кызыкты. “Биз ашпозчунун штатын ачып, айлык берип, системалуу түрдө окутуп билим деңгээлин жоготулатып жатабыз. Ал эми Санэпидемкөзөмөлдүн ар бир район, шаарлардагы кызматкерлери пландуу түрдө тамактын калориясы менюга туура келип жатабы, баарын текшеришет. Бул түздөн-түз алардын көзөмөлүндө. Андан тышкары, мектеп директору, мугалимдердин, ата-энелердин өзүнчө комиссиясы бар. Алар дагы текшерип турушат”,- деп жооп берди ал.
Булак: “Майдан. kg” гезити