Печать
Категория: Коом
Просмотров: 235

Былтыр жыл аягында Орусияда миграциялык мыйзамдарын өзгөрткөн. Ага ылайык, мындан ары чет элдиктер, анын ичинде Кыргызстандын жарандары жугуштуу оорусу бар-жогуна текшерилип, бармак издерин тапшырып, сүрөткө түшүп, каттоого турушу зарыл. Ушундан улам айрыкча Москвада каттоого турууга келгендердин узун кезеги пайда болгон.

Акыркы жумада ар бир мигрантты медициналык текшерүүдөн өткөрүү тууралуу эреже күчүнө киргенден кийин абал ого бетер оорлошо баштады. Башкалар го болушунча боло берсин, бирок Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү катары  бир аз болсо да жеңилдиктер берилиш керек эле да. Мындай талап өзгөчө акыркы күндөрү Москвада беш миңдей мигранттар суукка карабай медициналык мекеменин короосунда кезек күтүп турганда катуу коюлду. Мигранттардын көйгөйүнө ЖК депутаттары да аралашып, дүйшөмбү күнү спикер Т.Мамытов баш болгон 7-8 депутат Москвага жөнөп кетишкен болчу.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 21-февралда Москвада жолукту.

Жолугушууда: “Биз жумуш менен камсыз кылуу, Орусиянын аймагына кирүү үчүн керектүү жол-жоболордон өтүү үчүн кыргыз тараптын көмөгү менен Кыргызстанда Орусиянын миграциялык борборун ачуунун максаттуулугун карап көрүүнү өтүнөбүз”,- деди Мамытов.

Вячеслав Володин бул сунушту оң кабыл алып, орус өкмөтүнө жөнөтүлөт деп жооп берди.

Ошону менен катар тараптар миграциялык саясатты, тактап айтканда, эмгек мигранттарын колдоо, Кыргызстанда орус тилин окутуу маселелерин, экономикалык жана гуманитардык байланышты талкуулашты. Талант Мамытов Вячеслав Володинди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Мунун алдында Кыргызстан Орусияга жаңы миграциялык эрежелерине байланыштуу нота жөнөткөн болчу. Анда Бишкек Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачып берүүнү өтүнгөн.

Айтор, ЕАЭБдин бизге пайдасы ушул мигранттарга жеңилдиктер эле окшойт. Ушунусуна да шүгүр дейли.

Булак: “Майдан. kg” гезити