Таланттуу журналист Абдувахаб Мониев 24-февралда 48 жашында дүйнөдөн кайтты. Мезгилсиз жоготууга кесиптештери эскерүүлөрүн жарыялашууда. Журналист Нургазы Анаркулов Абдувахаб Мониевди төмөнкүчө эскерди:
- Кош, Абдывахаб досум…
Кыргыз журналистикасына өзүнүн журналисттик, публицисттик таланты менен кирип, бат эле эл оозуна алынып, жазгандары менен кара сөздү баалап-барктагандардын жүрөктөрүнөн түнөк тапкан Абдывахаб Мониевдин бул дүйнөнү таштап кеткенин угуп, ишене албай турам. Жапжаш кете бергенине макул болгум келбей турат… Кантип ушундай болуп кетти…
Тагдырдын буйругу экен, Абдывахап менен бирге иштешип калдым. Кыргызстандагы алгачкы түстүү «Учкун» гезитин чогуу чыгарып калдык. Анда мен ал гезиттин башкы редактору элем. Кийинчерээк гезиттен кетип атканда башкы редакторлукту Абдывахабка өткөрүп бергем. Анын калемгерлик талантын, жазуучулук дараметин жакшы билсем да, адам катары ошондо жакындан билдим. Жанда жок жөнөкөйлүгү, чындыкты жактаган кашкөйлүгү, өз чындыгын бербеген калыстыгы, улуу, кичүүгө бирдей мамиле кылган кичипейилдиги, кыргыздын улуттук баалуулуктарына сугарылган табияты, кулк-мүнөзү, достукка, шертке бекемдиги менен эсимде калды. Колунан келсе жардамын эч кимден аябаган элпектиги, адамгерчилиги зор инсан эле.
Ажал тооруп, аркы дүйнөгө шашпай турса, көптөгөн керемет кара сөз чыгармаларды, публицистикалык макалаларды жазат эле. Кыргызга жол көрсөткөн, багыт берген, кемчилигин сындап, ашкерелеген ойлорун айтат эле, жазат эле… Аттиң дүйнө… Эми биз анын кандай адам, кандай калемгер болгонун жазабыз…
Кош, Абдывахаб досум. Чындык деп жашап, чындыкты жазып, чын дүйнөгө кете бердиң… Жараткан сени өз мээримине алсын… Сен менин, биздин, сени билгендердин эсинде түбөлүккө сакталасың…