Печать
Категория: Коом
Просмотров: 155

“Мекенди коргоо - Кыргызстандын ар бир жаранынын ардактуу милдети жана ыйык парзы болуп эсептелет”,- деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев генерал Жумабек Асанкуловдун 95 жылдык мааракесинде.

“Ушул күнү биз санжыралуу тарыхыбызга алтын тамгалар менен жазылып, жүрөгүбүздө терең сакталып келген ата-бабаларыбыздын эрдиктерине терең таазим этебиз.

Уюткулуу элибиздин биримдиги, ынтымагы жана мекенчилдиги, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдыгы ар кандай тышкы коркунучтарга каршы туруп, жарандарыбыздын жаратман эмгегин жана өлкөбүздүн коопсуздугун көздүн карегиндей сактайт деп ишенебиз.

Бүгүнкү күнү өлкө жетекчилигинин аракети менен Мамлекетибиздин аскердик-техникалык мүмкүнчүлүгү артууда, аскердик даярдыктарды жогорулатууга басым жасалып жатат. Ошону менен бирге күч түзүмдөрүнүн айлыгы көбөйүп, социалдык камсыздоо жакшырууда.

Эр жүрөк, тайманбас адамдардын майрамы болгон ушул күнү сиздерге ар дайым ачык асман жана кучак толо кубаныч каалайм!” – деди Камчыбек Ташиев.

Жумабек Асанкулов 1989-91-жылдары Кыргыз ССРинин КГБсынын төрагасы болгон. 2007-жылдын апрель айында узакка созулган оорудан Москва шаарында каза таап, сөөгү ошол жакка коюлган.