Печать
Категория: Коом
Просмотров: 607

Бүгүн, 24-февралда генерал Жумабек Асанкуловдун 95 жылдык мааракеси белгиленди. Ага УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев катышты.

УКМКнын төрагасы генерал Асанкуловдун Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө зор эмгеги сиңген, коопсуздук органдарынын тарыхында өчпөс из калтырган улуу инсан экенин белгиледи.

Жумабек Асанкулов кыргыз улутунан чыккан Мамлекеттик коопсуздук комитетин биринчи жетекчиси катары тарыхта калды.

Ал 19 жашында коопсуздук кызматына кабыл алынып, катардагы кызматкерден баштап бардык тепкичтерин басып, республикалык деңгээлдеги жетекчи болгон, бүткүл өмүрүн ушул тармакка арнаган инсан.

Бир нече чет өлкөлөргө чалгынга чыгып, өкмөттүн берилген тапшырмасын ийгиликтүү аткарган. Ал кыргыз чекисттеринин ичинен биринчилерден болуп «СССРдин мамлекеттик коопсуздугунун ардактуу кызматкери» деген наам алган.

Кремлдин укуругу узун, камчысы катуу болуп турганда, 1978- жылы Кыргызстандын Мамлекеттик коопсуздук комитетин он бир жыл ийгиликтуу жетектесе да, чон саясий оюндардын кесепетинен улам төрагалык кызматтан алынган.

«Кайра куруу» саясаты жүрүп жатканда Жумабек Асанкулов 1989-жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагалыгына кайра дайындалат. Ал Мамлекеттик коопсуздук кызматын жетектеген мезгилде атайын кызмат толук кандуу жана натыйжалуу иштөөгө жөндөмдүү органга айланып, болочок кызматкерлерди тандоодо алардын адамдык касиетине жана билимине катуу көңүл бурулуп, тааныштык же тууганчылыкка жол берилген эмес. Ал кызматка келгенде улутчулдук маселеси боюнча кыргыз интелигенциясына каршы ачылган ондогон “кыңыр иштер” токтотулганы белгилүү”, - деди Камчыбек Ташиев.  

Ал белгилегендей, Жумабек Асанкулов 1990-жылдагы Ош окуясында жаңжалды басууга чоң салым кошкон. Андан кийин эгемендүү Кыргызстандын Коргоо министрлигинде Аскердик чалгындоо башкармалыгынын пайдубалын түптөгөн.

2007-жылдын апрель айында узакка созулган оорудан кийин Жумабек Асанкулов Москва шаарында дүйнө салып, сөөгү ошол жакка коюлган.

“Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу Институту жаш кызматкерлерге Ата-Журтка ак кызмат кылуунун жана таза жашоонун үлгүсүн көрсөтүү, Кыргызстан атайын кызматынын даңазалуу тарыхын жайылтуу, мекенчилдик тарбия берүү, бүткүл өмүрүн кызматка арнаган чыгаан, кесипкөй, таза жетекчилер менен сыймыктануу сезимин арттыруу максатында, Жумабек Асанкуловдун 90 жылдыгына арнап «Жолдош Төрага!» аттуу китебин чыгарып, ал тууралуу даректуу тасма тарткан. Институтта заманбап окуу каражаттары менен жабдылган “Асанкуловдун окуу классы” ачылган. Ошондой эле жыл сайын анын жаркын элесине арналган ар түрдүү иш-чаралар уюштурулуп, анын ичинде футбол боюнча мелдеш өткөрүлүп турат.

Дагы белгилеп кетүүчү нерсе, генерал-лейтенант Ж.Асанкуловдун атын борбордук көчөлөрдүн бирине ыйгаруу жана эстелигин тургузуу маселеси Бишкек шаарынын мэриясы менен чогуу каралып жатат.

Кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири Жумабек Асанкуловдун маңыздуу басып өткөн жолу, өрнөктүү өмүрү, мекенге өтөгөн бараандуу ак кызматы мамлекеттик кызматкерлерге жана жетекчилерге үлгү болууга тийиш”, - деп белгиледи Камчыбек Ташиев.

Жумабек Асанкулов 1989-91-жылдары Кыргыз ССРинин КГБсынын төрагасы болгон. Азыркы УКМКнын имараты генерал атайын кызматты жетектеп турган маалда курулган.