Печать
Категория: Коом
Просмотров: 120

    Билим берүү жаатында эл аралык кандай олимпиадалар болбосун, “Сапат” Эл аралык билим берүү мекемесинне караштуу лицейлердин  окуучулары активдүү катышып, дайыма байгелүү алдыңкы орундары ээлеп келишет. Кыргызстандын окуучуларынын эл аралык сынактарда өлкөбүздүн намысын коргоп келүүдө “Сапаттын” үлүшү, орду чоң экендиги айныгыс факт болуп калды. Бул “Сапаттын”  лицейлеринде   билим берүүнүн сапаты жогорку экендигинин дагы бир далили. 
2022-жылдын 15-23-февраль күндөрү математика, информатика жана физика сабактары боюнча XVIII Эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадасы онлайн форматта болуп өттү. Аталган олимпиадага 22 өлкөдөн 1178 дөн ашык окуучу катышты. Кыргызстандын командасы 49 окуучудан түзүлүп, анын ичине Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинин 27 окуучусу кирди.
Тапшырмалардын жыйынтыктары боюнча “Сапаттын” окуучулары төмөндөгүдөй жетишкендиктерди көрсөтүштү: 

          Информатика – Курманбек баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 10-классынын окуучусу Беккоёнов Тенгиз жанаЧ. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 10-классынын окуучусу Мундузбаев Айдар алтын медалга ээ болушту. М. Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 11-классынын окуучусу Бейшекеев Данияр менен  Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин11-классынын окуучусу Дыйканбаев Талант коло медалга ээ болушту.
    Математика  - Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейинин 11-классынын окуучусу Бактыбеков Талгат коло медалга ээ болду.

Бул олимпиада 2005-жылдын январь айынан тартып 15 мамлекеттин арасында өтүп келет. Негизги максаты – физика, математика жана информатика илимдерин пропагандалоо, дүйнө жүзүндөгү мектептер арасында профессионалдык кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле таланттуу жаштарды ачуу, маалыматтык технологияны өнүктүрүү жана маалыматтык маданиятты жогорулатуу болуп эсептелет.