(Сүрөттө Папан Дүйшөнбаев)
Мен көп эле тармактарда иштедим, ар иштин өзүнө жараша өзгөчөлүгү бар, бирок журналисттей татаал-катаал ишти жолуктурбадым. Башка иштерди бүгүн бүтпөсө эртеңкиге, айрымдарын кийинки жумага деле калтырса болот, бирок журналистикада бүгүнкүнү эртеңкиге калтыра албайсың. Анткени, кечинде гезит басмага кетет, ал чыгып кеткен соң сенин жазганыңдын, тартканыңдын эч кимге кереги жок болуп калышы же өз маанисинин көбүн жоготуп коюшу толук мүмкүн.
1980-жылдардын башталышында райондук «Жаңы турмуш» гезити жумасына 3 жолу чыкчу, нускасы 9 миңден ашык эле.Эгерде тымызын чектөө болбосо андан да ашып кетет беле, бирок гезиттин жетекчилиги «кагаз жеткире албай кыйналабыз» деп 9 миңден ашырбоо жөнүндө «Союзпечаттын» жетекчилиги менен сүйлөшүп, андан ашыртчу эмес.
Ошол мезгилде азыр 70 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Абдымомун Калбаев аке менен бирге иштедим. Ал айыл чарба бөлүмүнүн башчысы, анан жооптуу катчы болуп жүрдү. Кийин мен райкомго которулуп кеткенде орун басар, редактор да болду. Андагы эң башкы сапат- жазмакерлерде сейрек кездешчү оперативдүүлүк эле. Жаз келди дыйканчылыкка адистешкен аймактардан чыкчу эмес, кышында ветврач, зоотехниктерге кошулуп, кыштоолорду кыдырып жүрчү.Командирвокаларга чыгып жатканда башкаларчылап, шылтоолорду деле издечи эмес.Кечинде, түндө деле кете берчү. Абыкемдеги дагы бир жакшы сапат- кайсыл убакта болбосун кайратынан жазбаган, меники туура эмес болбосун дегендей жалтактабаган, дайыма өзүнө, өз позициясынын тууралыгына бөркүндөй ишенген оптимисттик маанай болуп саналат. Бул адам тумоолосо деле элчилеп, жатпайт, жүгүрүп жүрүп эле айыгып кетет.
Райондук гезиттер жоюлгандан бери Жалал-Абад облусттук телевидениесинин кабарчысы болуп иштеп келет. Журналистикадагы жалпы стажы жарым кылымга жакындады.Ошол эле мезгилде ыр, кара сөз түрүндө отузга жакын китеп чыгарды.Бир катар сыйлыктардын, төш белгилердин ээси болду. Мындан бир нече жыл мурда Кербен шаарындагы бир көчөгө аты коюлду.
Мен кесиптеш агам Абдымомун Калбаевге бекем ден соолук, мурдагыдай кажыбас жигер-кайрат, барчылык, аманчылык, ийгиликтерди, узак өмүр каалаймын.
Папан Дүйшөнбаев, жазуучу, адабиятчы, Эл аралык Айтматов сыйлыгынынын лауреаты
Булак: “Майдан. kg” гезити