Бүгүн, 22-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кызмат ордуна Атыр Абдрахматованын талапкерлигин карады.
Атыр Абдрахматованын талапкерлигин “Ишеним”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ынтымак” жана “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциялары көрсөтүүдө. Белгилей кетсек, парламенттик фракциялар Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу.
Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова талапкерге кайрылып, эгер Акыйкатчы кызматына шайланып калса, жарандардын укуктук маселелерин чечүүдө ыйгарым укуктарын максималдуу түрдө колдонууга чакырды.
Жыйынтыгында тармактык комитет Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кызмат ордуна шайлоо үчүн Атыр Абдрахматованын талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды.