Печать
Категория: Коом
Просмотров: 241

- Каныбек агай, жаңы ишке киришкен билим берүү министри билим берүү тармагын оңдойт, таш-талканы чыккан тармакты туура жолго салат, эффект берчү реформа жасайт деп ишеним артсак болобу? 

- Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев бир жыл ичинде  ушул кызматты эки жолу ээлөөгө үлгүрдү. Демек бул жигиттин бул кызматка татыктуу касиеттери бар экен да! Президент ишеним көрсөтүп жатат.  Ал ортодо Швейцарияга элчи болууга дагы үлгүрдү. Азыр билим берүү системасы өзүнүн кайра бутуна туруп келе алгыс абалына өтө чукул жакындады. Окуу системасына жеңил ойлуулук кылып үрүп, ушул абалга кептелдик. Эми муну кайра көтөрүү үчүн оңбогондой эле эмгек, каржы ресурсу, интеллектуалдык деңгээл, жалпы элдик мобилизация, анан эң башкысы, саясий бийликтин түздөн-түз колдоосу керек. Дилетанттарга  эле салып койсок, популисттик шоулар менен жүрө беришет. Азыр президенттин жетекчилиги алдында Коопсуздук Кеңешинин атайын отуруму болуп, катуу күчөтүлгөн чечимдер кабыл алынып, алардын кынтыксыз аткарылышы ишке ашса гана музду ордунан жылдыра алабыз. Болбосо, бири-бирибизди жоокалатып жүрө бергенибиз чоң катастрофага алып келет.

- Мугалимдерди шылдыңдап күлгөн же болбосо мугалимдерди теңине албай сөгүнгөн окуучуларды эпке келтирүү үчүн айып пул салыш керекпи же аларды эпке келтирүүнүн башка жолу барбы?

- Мугалимдердин аброюнун критикалык чекитке чейин төмөндөп кетиши - бул өлкөбүздүн бүгүнкү абалынын күзгүлүк чагылуусу. Мындай кырдаал акыркы 10 жылда өтө эле күчөп кеткен. Азыркы бийликтин алдында зор чакырыктар турат. Мугалимди кордоо - бул ар кандай эле мамлекеттин чоң трагедиясы катары кабыл алынышы керек. Мен эмнегедир, Совет бийлигинин алгачкы жылдарындагы билим берүү системасынын абалын элестетип жатам. Эсиңердеби, атайын "Республика ШКИД" деген термин, керек болсо экстремалдуу уюм пайда болгон. Ал турсун атайын фильм тартылган. Аны көрүп алып, убагында үрөйүбүз учкан. Бирок ал фильмдин каармандары бизге, болочок мугалимдерге чоң сабак болгон эле. Азыр андан дагы жаман кырдаал түзүлүптүр. Окуучу мугалимге орой мамиле кылып жатса, коом тең экиге бөлүнүп алып жаакташып кирдик. Ошондой орой балдардын ата-энелери болсо, мектепке барып алышып мугалимди жакалап жүрүшөт. Ушул көрүнүш коркунучтуу! Ошондуктан ата-эненин жоопкерчилиги кошо каралышы керек. Кээ бир ата-энелердин антикоомдук баланы тарбиялап жаткандыктарынын өзү чоң кылмыш катары кабыл алынууусу абзел. Анан, албетте, улуттук идеология. Эми аны айта берип тил тешилди. Бир нерсе кылбасак болбойт, жакшылар!

- Буюрса, апрелден баштап мугалимдердин айлык акысы жогорулайт экен. Бул нерсе мугалимдерге стимул боло алабы?

- Албетте, стимул болот. Бирок бир кол менен маянаны бир аз көтөрүп, анан экинчи кол менен аны кайра жулуп албайлы да. 2012-жылы ошондой болду эле. Мугалимдер эмдигиче өзүнө келе албай жүрүшөт. Мен мугалимдин категорияларын алып койгон кадамдарды айтып жатам. Азыркы ваучер, же болбосо, эскиче айтканда жан башына каржылоо кадамдары дагы мени убайымга сала баштады. Жакшылап ойлонгула, баатырлар дейт элем!

- Каныбек агай, өкмөттүн аракетинен майнап чыгып,  кымбатчылык тизгинделчүдөйбү?

- Кымбатчылык деген өзү эмне? Бул - ар бир эле өлкөнүн өнүгүү жолундагы кайсыл бир учурдагы тактикалык жана стратегиялык катачылыктарды кетирип алгандыгынын натыйжасы да. Биз, кыргызстандыктар, 1991-жылдан бери эле катанын үстүнөн катачылык кетирип, күнүмдүк эле көр тирилик менен оокат кылып келген өлкө болуп калганбыз. Ошондуктан, сырттан карыз алып, ансыз жашай албай келебиз. Атактуу акыныбыз, ыраматылык Элмирбек Иманалиев анан күйүп кетип ырдап жатпайбы: "Жалаң карыздар менен күн көргөн, мындай катыгүн элди ким көргөн?" - деп. Туура айтып жатат. Мурдагы президенттерибиздин жеткен акылы менен "жетишкендиктери" карыз алуу эле болбодубу? Анан дүйнөлүк экономикалык кризис менен кошо пандемия башталды эле, анын кесепети адегенде эле бизге окшогон күнкарама өлкөлөргө келип тийди.  Бздин жашообуз 100% импорт менен байланышкан деп эле койсок болот. Мен экспорттолгон сырьёлорду оозангым деле келбейт. Анын экономикага тийгизген пайдасын айтууга али эрте!  Акыркы жылга чейин ошондой эле болуп келбедиби? Эми гана президент Садыр Жапаровдун администрациясы реалдуу аракеттерди баштап отурат. Бирок, көйгөй дагы деле толтура. Ошондуктан, дүйнөлүк кризис тенденциясы бизди дагы эле желкелеп отурат. Жеке сектордун өнүгүшүнө басым жасап келебиз. Бирок, анын 90%ы "көлөкө экономика"! Андан чыгуу жолу дагы деле табыла элек. Коррупцияны ооздуктоо аракеттери башталганы менен, анын эффективдүү натыйжасына жете элекпиз. Демек, кымбатчылыкты жеңүүгө багыт алган аракеттер кагаз жүзүндө эле калууда. Качан гана өзүбүздүн өндүрүш менен айыл-чарбабыз продукция бере баштаганда, кымбатчылыкты ооздуктоого алыбыз жетет болчу! Азыр карапайым эл өзүнүн жеке өндүргөн түшүмүн сатып алуудан дагы ынанаарлык пайда таба албай келүүдө. Аны реализация кылуунун жолун кабмин качан уюштуруп берээр экен? Кеп ушунда!

- Айыл чарба азыктарын көбүрөөк өндүрүү үчүн айдоо жерлерин көбөйтүү аракети башталды. Эми эгин эгилип калса, орчундуу маселелер азаябы?

-  Өзү 90-жылдардагы жер реформасы  туура эмес жүргүзүлгөн экен! Жапайы капитализмге ойлонбой киргенибиз аз келгенсип, жерди менчикке дагы өтө эле одоно бөлүп жиберишиптир. Натыйжада, шылуун азаматтар эле жер ээлери болуп чыга келишти. Анан ар кимиси билген намазын окуп, каалаган эгиндерди өндүрө башташты. План деген болгон жок. Колунда жок адамдар үлүш жерлерин сатышып, өздөрү мандикерге айланышты, же өлкөдөн чыгып кетишти. Көп айдоо жерлер айдалбай калды. Кайрак үлүштөрдү айтпай эле коёюн. Жайыттар деле ошондой болду. Сан жеткис мал кармалып, жайыттардын баары малдын туяктарына тебелетип ташташты. Ирригациялык саясат бизде жок. Анын баары кагаз жүзүндө же болбосо дилетанттык эле аракеттер болууда. Анткени, чыныгы адисттер эчак эле өлкөдөн кетип калышкан.  Ойлонулбай жасалган агрардык реформа чоң кризис жаратты. Анан кайдагы азык-түлүк коопсуздугу болмок эле. Импорт Кыргызстанды биротоло ооздуктап алды. Экономикалык көз карандылыгыбыз жоголгону ушул да. Эми азыркы бийлик катуу аракеттерин баштады. Жакындан бери кабмин дыйкандарга 16 миң тонна үрөөн тарата баштады. Аны 4,5% үстөк менен 2 жылга берип жатат...Бирок, азырынча күч тең болбой жатат. Масштабдуу реформалар тез жүрсө жакшы болмок. Бирок, жеке менчик ээлери кабминдин чукул чараларына макул болуп, чогуу ишке өтүшөбү, же саботаж кылып жүрө беришеби? Ушул маселе азыр курч турат!