Печать
Категория: Коом
Просмотров: 110

Башталгыч класстын окуучуларынын физиологиялык талаптары өзгөчө болгондуктан, алардын тамак-ашын кылдат тандоо керек. Бул тууралуу парламент жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди. 

21-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети «Жарнама жөнүндө», «Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн сунушталган долбоорду каралды.  

«Адам баласы иштегенде, окуганда сырткы факторлордун ар түрдүү таасирине кабылат. Алардын арасында физиологиялык талаптарды аткарганда да терс таасир этип калышы мүмкүн. Анын ичинде башталгыч класстын окуучуларынын физиологиялык талаптары өзгөчө болгондуктан, алардын тамак-ашын уюштурууда өтө кылдаттык менен тандабасак болбойт. Былтыртан бери бизде укуктук-ченемдик актылар, мыйзамдарды инвентаризациялоо иштери жүрүп жатат. Ушул мыйзамды биз жалпы «Калктын ден соолугун коргоо жана коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорунда көрсөтүп жатабыз. Ошондуктан бул мыйзамдарды сиздерге алып чыкканга чейин токтотуп турсак деп суранып жатабыз», - деди Рахматуллаев. 

Депутат Винера Раимбачаеванын айтымында, мектеп окуучуларына берилип жаткан тамак-аштын сапаты начар.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова азык-түлүк кымбаттап кеткендиктен Каржы министрлигине балдардын тамагына бөлүнгөн каражатты көбөйтүп берүү өтүнүчү менен 2 жолу кат жазганын айтты.

"Райондун борборлорунда жана шаарларда бир баланын тамагына 7 сом каралса, тоолуу, алыскы аймактагы балдар үчүн 10 сом каралган. Ачыгын айтсак, райондордо жана шаарларда балдарга ысык тамак уюштуруу боюнча өткөн тендерлерге компаниялардын катышууга каалоосу жок. Балдардын туура тамактануусу боюнча жок эле дегенде менюнун 23 түрү бар. Ошого азыркы продуктулардын баасы өсүп кеткендиктен, Каржы министрлигине эки жолу кат менен кайрылдык. Жок дегенде 7 сомду 14 сомго, 10 сомду 20 сомго көтөрүү боюнча. Ошондо азык-түлүктөрдүн баасына дал келмек. Азыр Каржы министрлиги баарын чогуу кароону сунуштап жатат. Мугалимдердин айлыгын жогорулатуу, мектептердеги техникалык кызматкерлердин маянасы жалпы бала бакчадан, жогорку окуу жайга чейинки бардык маселелерди чогуу карайлы деп жатышат, учурда бул маселенин үстүнөн иштеп жатабыз», - деди ал.