Печать
Категория: Коом
Просмотров: 76

Сокулук айылында мектеп окуучуларын сүзүп, бирок таптырбай качып кеткен  айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти

Маалыматка караганда, 18-февралда саат 07:20дар чамасында  "Ленд Крузер Прадо" үлгүсүндөгү унаа 16 жаштагы эки окуучу кызды коюп кеткен, алар кичи автобустун алдында калган. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен.

Көп өтпөй айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал 29 жаштагы И.А. аттуу жаран экени аныкталды. Медициналык экспертизанын жыйынтыгында,  И.А. мас абалында унаа башкарган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.