Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышты.
«Ооруканалар өз иштерин кылып жатышат. Бахиланы эл 10-20 сомдон алат, нандын баасы ошол эле. Ооруканаларда бахила дайыма зыяратчыларга бекер берилиши керек болчу», – деди Бейшеналиев.
Ошондой эле, эгер ооруканаларда бахила сатуу фактылары байкалса, башкы дарыгерди кызматтан алаарын, акысыз берилиши катуу көзөмөлгө алынарын баса белгиледи.
“Ооруканаларда бахила сатуу фактылары байкалса, башкы дарыгерди кызматтан алам”, -деди министр.
Ошондой эле, Бейшеналиев бахила сатуудан пайда көргөн бизнесмендердин бардыгы аны жек көрө башташканын кошумчалаган.
Булак: argument.kg