Ырчы Бек Борбиев велосипед чыгара албаган өлкөбүз, оң рулдуу машиналарга тыюу салгандары акылсыздык деген оюн билдирди. “Велосипед чыгара албай жүргөн өлкөбүз, автоунаа жөнүндө али сөз жок. Оң рулдууларга тыю салабыз дегендерге ар дайым каршы оюмду айтып келем. Өзүбүздө автопром жок болгон соң, элдин социалдык деңгээлин көтөрүү үчүн кандай авто болсо да чек койбой, киргизүү керек. Унаасыз азыркы заманда карапайым үй – бүлөөнү элестетүү кыйын. Авто кырсыктарга сол рулдуулар деле аз эмес катышып жатканы баарыбызга маалым. Андыктан оң рулдарга тыю салганды ойлонбой, өкмөт автопром курууну ойлонуусу керек. Коңшу Өзбекстанга окшоп, унаа заводдорун куруп алсак, анда түшүнүктүү оң рулга тыю салсак орундуу же ошол эле Россиядай. Менин сунушум.. Оң рулдуу унааны биздин шартта, биздин сол рулдуу трассаларда кантип айдоо керек деген, айдоочуларга өзгөчө эки айлык курстарды ачуу керек. Экзаменден өткөндөргө өзүнчө күбөлүк берип, трассага коё берсе болот. Албетте, бул менин жеке пикирим Өзүң сол рулдуу же оң рулдуу эмес, арткы орунга дагы руль коюп унаа жасай албаган соң, сырттан келген кандай унаа болсо дагы өлкөгө киргизүүсүнө тыю салуу бул акылсыздык”, – деп инстаграм социалдык тармакка жазып чыкты.
Булак: argument.kg