Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда жеке ишкерлерди коркутуп, опузалап акча каражатын талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды.
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-февраль күнү жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында А.А.И. аттуу жарандан акча каражатын алып жаткан жеринен мурда ар кандай кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү 1993-жылы туулган А.у.Э., 1992-жылы туулган Р.Э.Р., кармалышты.
Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жыйынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.




Булак: Булак.кж