Печать
Категория: Коом
Просмотров: 143

19-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Шаирбек Ташиев Жалал-Абад шаарына иш сапары менен барды. Эл өкүлүн транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов коштоп жүрдү.

Сапардын алкагында депутат калаадагы жолдордун абалы менен таанышып: "Өлкөнүн өнүгүшү, аймактардагы жетишкендиктерге көз каранды. Андыктан облус борборлорундагы социалдык-экономикалык маселелерди чечүү учур талабы. Ага ылайык, Жалал-Абад шаарынын жолдорун оңдоп-түзөө менен катар инфраструктурасын жакшыртуубуз шарт", - деди.

Белгилүү болгондой, быйыл Жалал-Абад шаарындагы Пушкин, Токтогул жана Загорный көчөлөрүнө республикалык бюджеттен асфальт төшөө мерчемделүүдө. Тагыраагы, 30 км ички жолдорго асфальт төшөлүп, калыбына келтирилет.