Печать
Категория: Коом
Просмотров: 118

Кечээ , 17-февралда, Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду. Анда эл өкүлү Шаирбек Ташиев муниципалдык эмес мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акылары боюнча маселе көтөрдү.

«Баарыбыз билгендей, муниципалдык эмес кызматкерлерге тазалык жумушчулары, айдоочулар кирет. Аларга үстөк акы төлөп берүү маселесин айылдык жана шаардык кеңештер чече алаарына карабай, атайын токтомдо көрсөтүлбөгөндүктөн төлөнбөй келет.

Эгер төлөп койсо, Эсеп палатасы текшерип, каражатты максатсыз пайдаланган деген жүйө менен көйгөй жаратат. Андыктан 2008-жылы чыккан 22-токтомду өзгөртүп, жергиликтүү кеңештер мүмкүнчүлүгүнө жараша үстөк акы чегере алаары боюнча түзөтүү киргизүү керек. Жумушчуларды кармап калуу үчүн ушундай чечим кабыл алуу шарт», – деп билдирди.

Ошондой эле, депутат алардын айлык акысы 5 миң сомдун гана тегерегинде экенин кошумчалады.

Булак: argument.kg